Бул тууралуу 1-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөлөрү эки каналга бюджеттен 20 млн. сомдон 40 млн. сом бөлүп берүү маселеси каралып жатканда айтышты.
Финансы министри Кыялбек Мукашев телеканалдардын кызматкерлерине 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык жетпей калганын ушундан улам кошумча акча керек болуп жатканын билдирди. Жыйынтыгында депутаттар 40 млн. сомду бөлүп берүү чечимине келишти.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев «Бешинчи каналдын» 82 млн. 484 миң сом карызы бар экенин кабарлады. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сөз болуп жаткан жалпыга маалымдоо каратажаттарын жеке жактарга сатууну сунуштап:
«Биз телеканалдарды башка да активдерди менчикке беришибиз керек. Бул каналдар боюнча комиссия түзүп чекит койбосок болбойт. Ошол эле кезде азыр аларга акча бербей ишин токтотуп койгон да туура эмес. Анткени, ал жерде кызматкерлер иштеп атат. Парламенттин көз карашы боюнча телеканалдар жыштыктары менен сатылышы керек. Жок эле дегенде алар бюджеттен акча албай калгандай деңгээлге жетиш керек»,- деди.
Бир чети мамлекет үчүн бир эле бул телеканалдар эмес, “Кабар” агенттиги, ОшТВ сыяктуу ММКларды каржылоо оор болууда. Ошондуктан, КТРКны кошуп эле бардык мамлекеттик маалымат каражаттарын акционерлештирип же сатып жиберсе, бюджет бир аз болсо да жеңилдеп калмак.
Булак: “Майдан. kg” гезити