Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 127

-Табылды агай, Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты өткөрүп, өкмөт мүчөлөрү толук бойдон отставкага кетти. Эми жаңы өкмөткө кимдер мүчө болуп кирсе, мамлекеттин ишин илгерилете алат деп ойлойсуз?

-Жаңы өкмөттүн алдында өтө чоң жүк турат. Эң алды менен, элдин ишенимине жетишүү. Ошондуктан, жаңы өкмөткө мыкты кадрлар тандалып алынышы керек. Өкмөттүн курамынан, Премьер-министрден баштап ар бир өкмөт мүчөсүнө чейин дыкат тандалып алынышы керек. Өкмөт мүчөсү өтө таза, абийири булганбаган,  артында калбыры жок, коррупция менен шектелбеген, жаңыча  ойлоно алган, идея жарата ала турган, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы мол кадр болушу зарыл. Анткени, жаңы өкмөткө кимдер кирсе, ошого жараша саясаттын кайсы багытта жылаары анык болот. Айрымдар бул техникалык өкмөт болот деп жатышат. Андай болсо да, бизде традициялык түрдө президент өкмөттүн курулушуна көбүрөөк таасир берип келет. Ошондуктан, баары бир жаңы өкмөттүн курамы Садыр Жапаров менен байланыштырылат. Ошон үчүн  кадрлар мыкты тандалышы керек.

Эсиңиздерде болсо, Грузияда Саакашвили президент болуп келгенде өкмөткө өтө мыкты кадрларды баарын чакырган. Ошон үчүн  ал жакта жылыш дароо байкалган.

 -Премьер ким болот же кандай киши болсо деп ойлойсуз? 

-ММКларда А.Новиков, К.Ташиевдин ысымдары айтылып жатат. Балким, бул сөздөрдүн да чындыгы бар чыгаар. Экөө тең премьерликке дайын кадрлар. Бирок К.Ташиев парламенттик шайлоого катышып, “Мекенчил” партиясын парламентке алып кирет деп ойлойм.

Жакында А.Шыкмаматов “премьер болуп тажрыйбасы мол, ишти дароо алып кете турган адам келиши керек” деп айтып калды. Ошон үчүн  бул кызматка улуу муундагы саясатчылар деле каралып калышы мүмкүн деген ойдомун. Мисалы, Ф.Кулов, А.Муралиев, А.Эркебаев, А.Маматалиев жана башка кадрлар. Абдырахман Маматалиев да мамлекеттик кызматта көп тажрыйба топтоду. Жогорку Кеңешке  депутат да болду. Бүгүн мамлекеттик кадр кызматын жетектеп, ал келгенден бери бир топ жаңы саамалыктар кирип жатканы айтыла баштады.  Улуттук кадрлар резерви топтолуп жатат. Стат секретарлардын иштерин жаңыча баалоо жана өзгөрүүлөр кирди дегендей. Бирок эгер премьерге кандидатты азыркы  өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен издеп калышса, анда Э.Сурабалдиеваны премьер-министр кылса туура болобу дейм.  Себеби, ал азыркы өкмөттө ишке талапты катуу коё ала тургандыгы менен айырмаланып, элдин оозуна кыска мөөнөттүн ичинде алына алды.   Жаңы мыкты команда түзүлсө, ишти алып кете алат го деп ойлоп жатам. Ал премьер болуп калса деле жылыштар болушу толук мүмкүн. 

 -Жаңы премьердин жана өкмөттүн эң негизги милдети кандай болушу керек?

-Жаңы өкмөттүн эң негизги иши бул биринчи кезекте элге ишеним алып келүү, кайрадан элдик толкундоолорду болтурбоо болушу керек деп ойлойм. Ан үчүн тынбай эмгектенүү зарыл. Жаңы идеяларга бай кадрларды топтоо абзел. 

Бүгүн бизде эле эмес, дүйнөдөгү  лөк өлкөлөрдө да абал тынч эмес. АКШны караңыз эмне болуп жатат. Аз жерден бийликтин тынч алмашуусу үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Бүгүн Орусияда абал тынч эмес болуп турат. Ошондуктан, жаңы өкмөт коомду консолидацияга чакыра ала тургандай, абалды экономиканы турукташтырып, алга жылууга жол таба ала тургандай болууга  тийиш. Садыр Жапаров менен кеңешип, президенттикке талапкерлердин айрымдарын кызматка чакырса, айрымдарынын программаларынын мыкты деп табылган жерлерин макулдашып алып, реализациялоого жараган өкмөт  келиши керек деп ойлойм.

-Азыркы өкмөттөгү айрым жетекчилер революция менен бийликке келгени менен эмитен ар кандай сөздөргө кабылып жатышат. Айрымдары коррупция беренеси менен күнөөлөнүп  да жатышат?  Коррупционерлерди кустурабыз деген Сыймык Жапыкеев, М.Аспековдордун да аркасынан сөз ээрчип калды. Эми эмне болот?

-Бул боюнча Садыр Жапаров өткөндөгү билдирүүсүндө так айтты. “Менин атымды жамынып, ар кандай шылуундуктарга барып жаткан адамдар  болсо, менин тууганым болсо да камагыла”- деди. Жаңы келген өкмөт ушундай аракеттерге бара ала турган болушу ылазым. Анте албаган премьер-премьерликке, өкмөт мүчөсү өкмөткө келбеши керек. Жаңы өкмөткө калбыры жок, аркасынан сөз ээрчибегендер келиши керек. Кустурабыз деген сөздөрдү мамлекеттик кызматта колдонуу туура эмес. Себеби, мамлекеттик кызматкер, жетекчи мыйзамдар менен иштеши керек. Өкмөт бизнести өнүктүрүүгө, бизнеске тосколдуктарды жоюп, ага жол ачалы деп аракеттенет. Бизнесмен салык төлөөгө гана милдеттүү. Фискалдык органдар аларды салык төлөбөгөндүгү үчүн гана жоопко тарта алат. Анан кустурабыз деп эле кайра-кайра комиссия жиберип, текшере берген туура эмес. Мисалы, Кубанычбек  Жумалиевди канча текшеришти. Мурда да текшеришкен, эми да бир нече жолу текшеришти. Аягында ал 16 млн. доллар кредит алып иштетип жатканы белгилүү болду. Завод ЭВМди сактап калып, ал жакта 700 жумушчу иштеп жатканы маалым болду. Бирок дагы деле кустурабыз, кустурабыз деп, эки-күндүн биринде айтылат. Анда 16 миллион доллар кредитин төлөп туруп, аны камап коюш керек.  Ал эми ЭВМ заводун сатып жиберип, пайда табыш керек. Бүгүн эл ар бир «кустурабыздын» аркасында Жумалиевди 16 млн. доллар кредитинен бөлүш деген сөз жатабы же  ЭВМ заводун өткөрүп бер, биз аны сатып, оокат кылабыз деген кыңкыстоо жатабы деп ойлоп калды.   Ошон үчүн  мамлекеттик чиновник мыйзамдын негизинде аракеттенип, ар бир сөзү үчүн жооп бериши керек.

-Балким, мындай аракеттер арзан пиар болуп жүрбөсүн?

-Болушу мүмкүн. Бирок биз деле мамлекеттик кызматта иштедик. Биздин учурда мамлекеттик кызматчыларга пиар жасоого болчу эмес. Ким пиар кылса, аны кызматтан айдашчу. Себеби, президент тилемчилеп, элдин курсагын тойгуза албай жатса, мамлекеттик кызматкерлер  кыйратып койгонсушуп, өздөрүн   пиар кылып жатышат деп ойлошпосун деген түшүнүк бар эле. 3 -революция болуп, кадрлар алмашып, мурдагы баалуулуктар, нормалар баары унутулуп, жокко чыгарылды. Ошон үчүн  бүгүн мамлекеттик кызматкерлерге кудай берип жатат.   Ар кимиси соцтармактардан чыкпай, өздөрүн пиарлап жатышат. Ажатканага  баргандан  башкасынын баарын  ачык айтышууда. Чынында бул мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турумуна туура келбейт, моралдык жактан да туура эмес болуп калат.

-Садыр Жапаровдун атаандаштарын инагурацияга чакырганы  ынтымакта иш алып баруу аракети деп кабыл алсак болобу?

-Бүгүн Садыр  Жапараровдун эң биринчи милдети  өлкөнүн, коомчулуктун консолидациясын камсыз кылуу. Коом канчалык биримдиктүү болсо, ошончолук тынчтык өкүм сүрүп, стабилдүүлүк  сакталат. Садыр Жапаров биримдикке, ынтыкмакка барарын билдирген. Ошондуктан, президенттик шайлоодогу атаандаштарын өзүнүн инаугурациясына чакырып жатканы бул консолидацияга чакырууга болгон биринчи кадам деп айтсак болот.

Шайлоодо жеңиш бирөөгө гана таандык болот. Бирок жеңген талапкер өлкөнү жана коомду консалидациялап, тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. 

 -Инаугурациядан каражатты үнөмдөйм деп атып, ого бетер бечара мамлекет болуп көрүнүп калбайбызбы?

-Кыргызстандын акчасы жок экенин баары эле билет. Биз кандай гана инаугурацияны өткөрбөйлү  баары бир дүйнөлүк коомчулук биздин кедей мамлекет экенибизди билишет. Эгер өтө акча чачып өткөрсөк  булар президентинин инаугурациясына миллиондорду коротуп өткөрүшөт, бирок эртеси алакан жайып, акча сурап калышат деген сөзгө да кабылышыбыз мүмкүн. Инаугурация ошол мезгилдеги өлкөнүн абалына туура келген деңгээлде өтүшү керек. Мисалы, жакында эле пандемия болду. Алдыда дагы бир топ сыноолор турат. Пандемиянын жаңы этабы күтүлөт деген прогноздор бар. Мына ушуларды эске алыш керек. Ошон үчүн инаугурацияга каралган көп нерселерден Садыр  Жапаров баш тартканы туура эле болду деп ойлойм.

-Инаугурацияда аз акча коротобуз, банкеттен баш тартабыз деп отуруп, эл аралык нормаларга жооп бербеген салтанат өтүп калбайбы?

-Андай болбойт. Ал үчүн президенттин инаугурация өткөрүүчү комитет, президенттин аппараты, Өкмөт бар. Президенттин аппарат жетекчиси С.Касмамбетов өтө тажрыйбалуу кадр. Алар абалды байкап турат. Кем-карчын толуктап коюшат.  Аппараттын сунушу менен айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирип жатканына күбө болуп жатабыз. Бирок коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Баары бир кандайдыр бир акча сарпталат дешип жатат. Ошон үчүн инаугурация бүткөндөн кийин, канча акча кеткенин так билдирип коюшу  керек. Болбосо, кайра эле сынга кабылып калышаары да  мүмкүн.

-Баса,Садыр Жапаров чоң чыгымдан баш тартам дегенден бери ага акыл айтчулар көбөйдү. Онлайн ант берсин, "Ата Бейитте" өткөрсүн дегендер болууда.  Бул чектен чыккандык эмеспи?

-Коомчулуктан ар кандай сунуштар айтыла берет. Бирок мен жогоруда айтпадымбы, президенттин аппараты бар деп. Мисалы, Садыр  Жапаров көп нерседен баш тарта берсе болот. Керек болсо онлайн эле ант берип коём деши да мүмкүн. Бирок президенттин аппараты   дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алып, инаугурация иш чарасын элдин көңүлүнө толо тургандай кылып, жаңы шайланган президенттин аброюн биротоло түшүрүп албагыдай кылып, негизгиси мыкты деңгээлде өткөрүшү абзел. Мага деле бирөөлөр чалып, “инаугурацияны мамлекеттик резиденцияда эле өтсө болбойбу, ушуну айтып койбойсуңбу”- дейт. Мен учурдан пайдаланып, айтып жатам. Бирок аны президенттин аппараты өзү жаңы шайланган президент менен кеңешип чечет.

-Айрымдар жаңы бийлик мурдагы бийлик учурунда саясий куугунтукта жүргөн саясатчылардын эркиндигин камсыз кылыш керек деп жатышат. Сиз мурдагы бийлик учурунда да бул маселени көтөрүп келгендерденсиз. Азыр да ошол ойдосузбу?

-Ар бир жаңы бийлик ишти мурдагы бийликтин каталарын оңдоодон, коомчулуктун стабилдүүлүгүн камсыз кылуудан баштайт. Мындай аракеттерге коомчулукту айттырбай барышы, жаны бийликтин аброюн көтөрөт. Эгерде Садыр Жапаров инаугурацияга чейин же андан кийин мурдагы бийлик учурунда саясий куугунтукта болгон саясатчылардын эркиндигин камсыз кылса, анда өтө чоң абройго ээ болмок. Бул бийликтин рейтингин көтөрөт.

-Жаңы бийлик элдин ишенимин актоо үчүн дагы кандай кадамдарга барышы керек?

-Ар бир революциядан кийин Кыргызстанда жаңы саясий партиялар ачылат. Жаштар, саясатчылар жаңы партия менен парламентке барууга аракет кылат.  Биринчи жана экинчи революция учурунда ондоп эмес, жүздөп саясий партиялар ачылган. Жөнөкөй адамдар да чоң саясатка катышкысы келгенин билдирген. Булардын баарына мүмкүнчүлүктөр берилген. Бул жолу андай болбосо да, беш же он партия катталды деп жатышат. Менимче, жаңы бийлик, парламент, БШК ойлонушуп, бир жолун табышы керек. Буларда жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңештин шайлоолоруна  катышууга  мүмкүнчүлүк алууга тийиш.  Мисалы, мыйзам боюнча шайлоолорго алты ай мурун катталган саясий партиялар гана шайлоолорго катыша алат деген норма бар. Менимче, бул норманы убактылуу токтото турса болот. Эгер бул норма токтотулса, анда 2020- жылдын 5-октябрынан (балким, жаңы жылга чейинки) кийин катталган саясий партиялар да  алдыдагы жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышууга мүмкүнчүлүк алмак. Бул партиялардын чоң саясатка чыгуусуна жол ачуу бүгүнкү күндүн талабына шайкеш келет. Садыр Жапаров эгер ушундай кадамдарга бара алса, анда ал өлкөнү демократиялык нукта алып кете ала турган лидер катары кабылданып, коомдо аброю өсмөк.

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: «Майдан. kg» гезити