Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 116

-Алдыдагы шайлоо аралаш системада ѳтѳ турган болсо, анда бир мандаттуу округдан шайлоого катышкандарга да, партиялык тизмеде катышкандарга да электораттын колдоосуна ээ болуу кыйынга турат.

Ошону менен бирге аларды парламенттен чакыртып алуу да мүмкүн эмес. Алар шайлоо алдында программалар үчүн эмес, мандатты кѳп алуу үчүн гана бириккен союз болуп эсептелинет. Мажоритардык система фактору электораттын кызыкчылыктарына катуу таасирин тийгизбей койбойт. Бизде шайлоочулар дайыма инсанга добуш берип келишкен, кээде гана партияга добуш беришпесе, кѳп учурларда парттизмедеги конкреттүү саясатчыга добуштарын беришет.

Эртеби-кечпи партиялык системада күчтүү атаандаштык орун алган учур келет. Референдум партиялык системадагы монополияга чекит койду. Бирок партиялар олигархтардан арыла алышат, анткени, капчыктууларга  эми парламентке келүү үчүн партияларга акчаларын бериштин кажети жок. Олигархтар акчаларынын күчү менен парламентке келүүнү мындан ары бир мандаттуу округдарда жүргүзѳ башташат. Ошон үчүн Конституцияга депутаттарды чакыртып алуу механизмин киргизип коюу ѳтѳ маанилүү. Мындай конфигурация бийликтин партиясына да таасирин тийгизет. Себеби, бир мандаттуу округдардын ѳкүлдѳрү саясий тандемдерге биригишип, анын аркасында чечүүчү добуштарды алууга жан үрѳшѳт. Бул админресурстарды пайдалануу дээрлик жокко чыгат дегенди билдирет. Эми партиялар бир мандаттуу округдардын ѳкүлдѳрү менен ымалага келүүгѳ аргасыз болушат. Бийликтин партиясы деген түшүнүк мындан ары шарттуу гана боло баштайт.

Бирок ошол эле кезде президенттин кызыкчылыгын коргогон партиянын болорун жокко чыгарууга болбойт. Ѳткѳн тарыхыбыз бир нерсени кѳрсѳттү. Президенттин партияга ээ болуусунун арты опурталдуу болот экен. Ал биринчи кезекте президенттин ѳзүнѳ гана терс таасирин тийгизет. Президенттин колдоосу жок ал партиялар  электораттын  колдоосуна ээ боло албастыгын президенттер кеткенден кийин «жашоолорун» токтоткон партиялардын мисалында кѳрдүк. Ал эми «Биримдик» партиясы парламентке келбей атып, б.а. «туулбай атып туна чѳктү». Реалдуу партиялык системаны түзѳбүз десек, президент бир да партияда болбошу керек.

Мурда Жогорку Кеңешке шайлоого катышып келишкен «локомотив»-партиялар эми бир мандаттуу шайлоо округдарынан катыша алышат. Үгүт иштерине, партиялык тизме ж.б. шайлоо алдындагы иштерге ири акчаларды жумшоонун зарылчылыгы калбайт. Алдыдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишчү жаңы партиялар пайда болот.

2020-жылдын 5-октябрындагы окуя электораттын шайлоого болгон кѳз карашын кескин ѳзгѳрттү. Шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай коюу фактору пайда болду. Шайлоого катышчулардын баары 5-октябрдагы окуядан максималдуу сабак алышы кажет. Эми буга чейин кѳрүп келген партияларды кѳрбѳйбүз. Албетте, «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» сыяктуу шайлоо процесстеринин түбѳлүктүү катышуучулары дагы деле болушат. Ошондой эле  шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» же «Биримдик» партияларын кѳрбѳйбүз деп категориялуу түрдѳ айтууга да болбойт. «Кыргызстан» партиясын да эсептен чыгарууга али эрте.  Алдыдагы парламенттик шайлоодогу башкы милдет – жарандарды шайлоо участокторуна келтирүү. Коомчулуктун шайлоолор элдин жашоо деңгээлин жакшыртууга инструмент боло албай турганына кѳздѳрү жетип, кѳңүлдѳрү кайт болуп калды. Мѳѳнѳтүнѳн мурда ѳткѳн президенттик шайлоодо жарандардын аз келүүсү ага далил болду.

Булак: "Майдан. kg" гезити