“Мамлекетибиздеги башкаруу формасы тууралуу маселе кызыл чеке түшүргөн кызуу талкууну жаратып, мындай тарыхый кезеңди баштан кечирүү да маңдайыбызга жазылган экен.Бул да тегин жерден эмес”, - деди Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда болуп жаткан инаугурацияда.
“Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системасына муктаж!
Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара алаарын өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт.
Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү.
Ошону менен бирге, президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет.
Биздин максат - мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу.
Алдыдагы конституциялык реформа ушул максаттарга багытталган. Биздин бүгүнкү абалыбызды канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын.
Отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма – президенттигим башталган мезгилге туш келди.
Ал ортодо, коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 млрд доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолоору айкын. Ошондуктан, менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат. Ал чараларды жүзөгө ашырууда эрки күчтүү элибиздин дем-күчү, колдоосу кубат берет деп терең ишенем.
Биз, Кыргызстан, XXI кылым койгон чакырыктарды туура аныктап, адекваттуу жооп беришибиз керектигин жакшы түшүнөбүз.
Жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!» - деди Садыр Жапаров.