Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

-Токтогул мырза,  жаңы өкмөткө кандай адистерден куралышы керек деген маселе коомчулукта чоң талкууга алынып жатат. Аты аталып жаткандардын ичинде ишти жөндөп, мамлекеттин жүгүн көтөрө ала турган талапкерлер барбы?

-Ачыгын айтыш керек. Ушул күнгө чейин өкмөт башчылыгына деңгээли жогорку жетекчи келе элек. Тандоодон өткөндөр "байдын токолундай" иш кылган жалдыратма, жалтак абалда болгон. Ошондуктан,  отузга  жакын премьер-министр  алмашкан. Көпчүлүгү аткаруу бийлигинин маани-маңызын билбеген  адамдар болгон. Алыс кетпей эле премьер -министр болгон Бороновдун ишин алалы. Анын жөндөмсүз экени, ишти ойдогудай алып кете албаганы  пандемияда көрүндү. Ал элибиздин убалына калды, Граждандык коргонуу штабынын жетекчиси болгону менен  кыйын кырдаалда элдин муктаждыгын аткара алган жок, мамлекетте ишти уюштура алган жок.  Өзү өзгөчө кырдаалдар  министри болуп турганда эпидемия жана башка коркунучтарга даярдык жасабаганы ачыкка чыкты. Ал турсун  премьер болгондо өзүн жоготуп, айласын таппай калды. Бу сапар да ушундай мажирөө адамдардан сак болушубуз керек. Татыктуусун тандашыбыз зарыл.

-Кимдерди сунуштайсыз?

- Мыктыбек Абдылдаев, Алмаз Усувалиев, Аликбек Жекшенкуловдой дасыккан, жоопкерчиликти сезе билген инсандар бар. Ошолорго токтолсо, туура тандоо болот деп ойлойм.

Булак: “Майдан. kg” гезити