Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 202

Жаңы Конституциянын долбоору иштелип чыкты, эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов билдирди. 

Айтымында, февралга чейин долбоор парламенттин кароосуна барат. Ушул жума ичинде жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болот. Андан кийин парламентке кетет. 

Ал белгилегендей, долбоордогу беренелерди Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бир нече жолу карап чыгышкан. Юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүзүшкөн.