Бирөөлөрдүн байлыгын тартып алуу, менчикке басуу, мамлекетке тиешелүү каражаттарды сол чөнтөккө солоо менен байыган бизде Өмүрбек Бабанов деген күркүлүбүз бар. Жегендин кусмайы бар дегендей, бул арам тамактын кусаар убагы келип жеткен өңдүү. Муну айтканымдын себеби, кылмыш иши козголуп жатканын эшиттик. Болсун, болсун, дегеле ылайым ошондой болсун. Таман акы, маңдай терлери менен байыбаган арам тамактын баары кузсун! Рейдерлик менен топтогон мүлкү мамлекетке кайтарылсын!