Эптеп бийликке жетсем деген эки көзү төрт. Бирок өзүнүн сөзүнө өзү чалынып, бийликтен бирөө катуу сүйлөп койсо алаңдап коркуп, өз позициясына тура албагандыгынан саясый өлүккө айланган адам. Саясаттан кеттим деп айтып алып, кайра ыңгайы келгенде саясатка келе калган адаты да. Бирок эми анын артынан ким ээрчийт? Керек учурда элин таштап качып кеткен мындай суу жүрөктүн эл астындагы кадыры эчак кеткен.