Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 133

Таңгөрү заман бузулду, анын эпкини журналист журтчулугуна тийип жатат. Башында жакшы чыгып, биз сүйүп уккан “Азаттык” менен “Клооп” деген маалымат каражаттарын акыркы кезде кара теке сүздү. Бул ЖМКларды жалан эле мелиасойкулар ээлеп алганбы, айтор бүт эле жалданма материлдар. Кадимки жалданма жазмакерлердин күнү тууп, бүт эле караламай, шыбамай. Ким кобүрөөк акча ыргытса ошонун обонун созмой. Буларда калыстык, бейтараптуулук, тактык деген түк кабар жок.  жалган маалымат таратуу менен жан багууга өтүшту. Өз кесибин дээрлик туура аткарбаган кабарчылар бир тараптуу, чыгымчыл жана жалганчылар болгондору өтө кейиштүү. Журналист коомдун күзгүсү болуш керек эле, тескерсинче мына ушундай болгону жамандоо, каралоо, жалган маалымат берүу менен алектенип калышканы жийиркеничтүү. Айрыкча “Азаттык”, “Клооптун” кызматкерлери провокация, ушак иштери менен алектенээрин эл деле билип калды. Журналисттин гана эмес, жалпы кыргыз журналистикасынын абийири айрандай төгүлүп жатканын мына ушундай ЖМКлардын ишин токтотуу зарыл. Эл душмандарына биздин өлкөдө орун жок!