Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 185

10-январь -Кыргызстандын эгемен тарыхында өзгөчө маанилүү күн болду. Өлкөнүн 6-президенти шайланды жана президенттик шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй таза өткөнүн бир гана кыргызстандыктар эмес, сырттан келген байкоочулар да белгилешти. Мамлекеттин түйшүгүн, милдетин элдин дээрлик жапырт колдоосу менен өзүнө алган Садыр Жапаров бул күнү эки жолу журналисттердин суроолоруна жооп берип, коомчулукка кайрылуу жасады. Биринчи жолу, эртең менен №1053 шайлоо аймагына жубайы Айгүл Жапарова менен келип добуш бергенде, экинчи жолу ошол күндүн кечинде, добуш берүүнүнүн жыйынтыктары чыга баштаган маалда болду. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарында эле добуш алууда атаандаштарынан ат чабым алдыга кеткен Садыр Жапаровдун президент болоору белгилүү болуп калган болчу. Биз болочок президенттин шайлоо күнү айткандарынын айрымдарын топтодук.

Журналисттерге куугунтук болбойт

-Эгер ММКлар чындыкка дал келген, калыс маалыматтарды чагылдырышса, анда журналисттерди эч ким басымга албайт. Журналисттер журналисттик этиканы сактоосу керек. Шайлоо алдындагы үгүт маалында айрым ММКлардан өзүм жана атаандаштарым тууралуу жалган, тастыкталбаган маалыматтарды окуп калдым. Ошондуктан, журналисттерге бейтарап, калыс болуп, бир гана такталган маалыматтарды таратуусун каалайт элем.

Саясий куугунтук – өткөн чак

-Референдумда эл президенттик башкаруу формасын тандап алышса, бул бийлик толук бойдон бир колго өтөт дегенди билдирбейт. Конституцияга бийликти узурпациялоого жол бербей турган нормалар киргизилет. Тең салмактуулук үчүн Курултай институтун киргизүүнү сунуштайбыз, анын алдында президент жыл сайын отчет берип турат. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу парламент болот. Кандай болбосун, биз ачык иштейбиз жана ар кандай сындарды кабыл алабыз. Эч кандай саясий куугунтук болбойт!

Жаркын келечек үчүн күч-аракет

-Өлкөдө коррупция абдан тамырлашты, аны жоюуда кыйынчылыкка кез келээрим анык. Бирок мен бул терс көрүнүш менен күрөшүүдө ийгиликке жетишээрибизге ишенем. 2-3 жылда экономиканы бир топ турукташтыра алабыз деп ишенем, бирок бул үчүн мага ар бир кыргызстандыктын жардамы керек. Мен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн күч-аракетимди аябайм. Болбосо, мени ата-энемдин жана уулумдун арбагы кечирбейт.

Мурдагы бийликтердин катачылыгы кайталанбайт

-Мурдагы бийликтердин кетирген катачылыгын кайталабайм. Өлкөдөгү бюрократияны жана коррупцияны ооздуктоого болгон аракетти жасайбыз. Коррупция менен күрөшүүдө тууганчылыкка, тааныштыкка карабайбыз. Мурдагы бийлик учурунда мамлекетти башкарууга айдоочулар, туугандар, жансакчылар жана башкалар аралашкан. Мен канча убакыт президент болсом да өлкөнү өзүм башкарам, туугандарымдын бирине да башкарууга аралашууга жол бербейм!

Мыйзам алдында –баарыбыз бирдейбиз

Өзүн “Мекенчил” саясий партиясына байланышы бар адамдай көрсөтүп келген жарандык активист Мелис Аспеков жакында Уланбек Жураев аттуу блогер менен “Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен ири суммадагы каражатты талап кылганы үчүн кармалган болчу. Бул боюнча да берилген суроого жооп берди.

-Ал менин таанышым болобу, өкүлүм же тууганым болобу, эгер ал кылмышка барса, анда ал үчүн жооп бериши керек. Мыйзам алдында президент да, карапайым адам да –баарыбыз бирдейбиз. Анын биздин штабга эч кандай катыштыгы жок, бул боюнча менин расмий өкүлдөрүм да маалымат беришти.

Эл бүгүн 20-30 жыл мурункудай эмес

-Мага компромат табууга аракеттеништи, бирок жыйынтык чыккан жок. Булардын баары элдин мага болгон мамилесин өзгөртүү үчүн жасалып жатат. Бирок бүгүн эл 20-30 жыл мурункудай эмес. Азыр ар бир адамдын колунда Интернетке туташтырылган смартфондор бар, дээрлик баары социалдык тармактарга катталышкан. Ар бир адамдын өзүнө керектүү маалыматтардын баарын алууга мүмкүнчүлүгүн жетиштүү. Мен эл айрым адамдар тарабынан ойдон чыгарылып таркатылып жаткан маалыматтарга ишенбейт деп ойлойм.

Шайлоо фондундагы каражат тууралуу

-Менин шайлоо кампанияма 60 миллион сомдой акча сарпталды. Анын баары элден чогултулду. Мен фондума каражатын которгон ар бир жаранга ыраазычылык билдирем. Бардык каражаттар ачык, расмий которулду. Аларды сарптоо боюнча отчеттер да ачык-айкын берилип жатты. Кимге, эмнеге төлөнгөнү – плакаттарга, үгүтчүлөргө ж.б. ачык айтылды. Бул акчалардын 40 пайызы социалдык фондко, салыкка төлөндү. Ошол эле убакта көптөгөн талапкерлер бардык коротулган суммаларды ачыкка чыгарышпады. Ошондуктан, менин фондум эң чоң сыяктуу сезилип калды. Бирок андай эмес. Расмий эмес чыгашалар 100, ал турмак 1000 эсе көп болуп калышы ыктымал! Мурда талапкерлер мамлекетке төлөп бергиси келбегендиктен, атайын чыгашаларын жашырышчу. Азыр да ошол сыяктуу көрүнүш орун алды. Мен өткөн шайлоолордогу каражат көрсөткүчтөрүн карадым, расмий түрдө 200 миллион сом көрсөтүлүп, иш жүзүндө 30 миллион доллар сарпталыптыр. А сиздер, урматтуу журналисттер, аны жакшы билесиздер.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити