-Өмүрзак мырза, шайлоо чын эле таза өттүбү?
-Шайлоо таза өттү. Административдик ресурс колдонулган жок. Элдин 80-90 пайызы шайлоого катышсын деген мурдагыдай күчтөп добуш бердирүү болбоду. 33 пайыз эл катышты. Шайлоого каттоодо болгондор барды. Каттоосу жоктор бара албай калды.
-Эгер таза шайлоо болгону чын болсо, неге Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбайм деп жатат?
-Мадумаров жеңилип калып чычалап, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм деп жатса керек. А чынында шайлоо таза жана эркин өттү.
Булак: “Майдан. kg” гезити