Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 210

Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгаары менен Кытай, Орусия, АКШ, Түркия, Казакстан жана Өзбекстан лидерлери жаңы бийликти таанып, Садыр Жапаровду куттуктап, оор мезгилде келген жооптуу ишине ийгилик каалашты. Биргеликте кызматташууда даяр экендиктерин айтышып, ал тургай айрымдары өз өлкөлөрүнө расмий иш сапары менен келип кетүүсүн да өтүнүштү. Албетте мындай жылуу мамиле көңүл жылытпай койбойт. Анын үстүнө бул боордош элдердин жана ири державалардын кыргыз элине болгон кайдыгер эместиги жана Садыр Жапаровго болгон урматы деп түшүнсөк болот. Кандай болгон күндө да тынчтык жана мыйзамдуу жол менен легитимдүү бийликти шайлап алдык. Дүйнө эли көз салып турган бул шайлоо эгемен тарыхыбызда чанда кездешкен жакшы жөрөлгө болду. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөт деп үмүт артып, жаңы шайланган өлкө башчыбызга ийгилик каалайлы!