Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады.
"Сиз Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын мүчө-мамлекеттеринин өз ара пайдалуу мамилелерин өнүктүрүүгө, Евразия өлкөлөрүнүн жана элдеринин эзелтен келе жаткан достук жана өз ара урматтоо салтын мындан ары бекемдөөгө жаңы дем кошосуз деген ишенимдемин", - деп белгиленет куттуктоодо.
Михаил Мясникович Садыр Жапаровго чың ден-соолук, Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.
КР Президенти кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы