Өмүрбек Бабанов сурак берип чыкты. УКМКнын кызматкерлери аны бүгүн, 9-январга саат 10:00гө чакырышкан.
Бабанов сурак берип чыккандан кийин журналисттерге тергөөнүн сырдуулугуна байланыштуу кайсы кылмыш иши боюнча чакырылганын айтуудан баш тартты.
«Алардын баары Сооронбай Жээнбековдун учурунда козголгон эски кылмыш иштери. Бул оппоненттерди куугунтуктоо үчүн козголгон саясий иштер. Баары көрдү, анын башкаруусу эмне менен бүткөнүн», - деди Бабанов.
Булак: Баракелде