Андай душмандарды ичиңден, сырткы душмандардын жугундусуна сатылган, бир курсагынын кызыкчылыгы үчүн баарын саткан мекендештериңдин арасынан издесен табасың. Сырткы душмандарың ачык күрөшүп, ачык чабуул жасайт. Ички душманың, мекендешиң качан кайсыл жерден Улутуңдун нарк-салтын талкалап, мамлекетиңдин мамлекетүүлүгүн алсыратып бузуп жатканын билбей да калат экенсиң. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен отуз жылдан бери оңоло албай келатканынын башкы себеби сырткы душмандардын ичибизге билгизбей киргизген "курт оорусунан" болууда. Коррупциянын гүлдөшү, коомдогу ынтымактын,биримдиктин тынч өнүгүүнүн жоктугу, бирин-бири укпаган тынымсыз карама- каршылыктардын көнүмүшкө айланышы, Улуттук нарк-салтын жок болуп баратышы, тыштан тымызын киргизилген жана өтө чоң каражаттар төлөнгөн программалык иш аракеттердин жетишкен ийгиликтери экенин канча эрте түшүнсөк жана ага жол бербешке канча эрте мамлекеттик денгээлде аракеттене баштасак " курт оорудан" айыгып оңолобуз. Эгер аны түшүнбөй, ичтен ириткендердин жеми болууну уланта берсек анда мамлекетибиздин мамлекет катары сакталып калаары күмөн.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу