Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 433


Тарых илимдеринин доктору, профессор, учурдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова менен маек.

-Эмнеге Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы иштеп кете албады?

-Акыркы 10 жылда парламенттик башкарууда жашадык. Ошондон эле жыйынтык чыгарышыбыз керек, 10 жылда эмнеге жетиштик? Биздин коомдо партиялык система түзүлгөн жок. Парламенттик башкаруудагы мамлекетте коомчулуктун чоң колдоосуна, урмат-сыйына ээ болгон, шайлоодо административдик ресурсуз көп добуш алып, көп мандатка ээ болчу партиялар болушу керек. Жок дегенде, бир партия. А бизде тилекке каршы, бир да партияны жалпы элдин колдоосуна ээ деп айта албайбыз. Бир да партиянын салмагы жок, абройлуу эмес. Парламенттик башкаруунун өзөгүн партиялар түзөт. А бизде андай абройлуу партиялар  болбогондон кийин ойлоно турган кез келди.

-Ошол эле учурда саясий партияларга абдан эле бай өлкөбүз...

-Ооба, бизде саясий партиялар абдан көп, Юстиция министрлигинен 300гө жакын партия каттоодон өткөн. Анткен менен кеп санында эмес, сапатында болуп жатпайбы. Саясий маданият да зарыл. Эми өлкөнүн социалдык-экономикалык акыбалын карайлы. Мындан он жыл мурда тышкы карызыбыз 2,5 миллиард  доллардын тегерегинде  болсо, азыр дээрлик 5 миллиардка жетти. Бул дагы Россия карызынан кечкенден кийинки көрсөткүч. Миграция көбөйдү, элдин социалдык шарты начарлады. Келгиле, эми ушунун баарын топтоп туруп жыйынтык чыгарабыз. Так ушундай жоопкерчиликсиз башкаруу системасынын айынан мурдагы президент отставкага кетти. Парламенттик башкаруу орногон жок деп айтып жатышат. Ага да макулмун. Бирок ким күнөөлүү? Парламент эмнеге өзүнүн укугун пайдаланбады? 120 депутат бир адамды карап отурушту. Президент бийликти узурпациялап алды да дешти, жагдай жол берсе узурпация болот да. Парламент өзү ошондой шарт түзүп берип койду. Принциби жок, позициясы жок, партия ичинде көз караштардын кагылышуусуна, пикир келишпөөчүлүккө барган депутаттар ушуга алып келди. Биз эми ойлонуп, жоопкерчиликтүү башкаруу системасын тандап алышыбыз керек. Президенттик башкаруу формасын айтып жатканыбызда балансты айтканыбызды билишибиз керек. Президент менен парламенттин ортосунда баланс болот. Президент бардык чечимдерди парламенттин макулдугу менен кабыл алат. Жоопкерчилик так аныкталат.

Булак: “Майдан. kg” гезити