Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 376

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек  Кыдыршаевич!

Владимир Маяковский убагында: “Биз партия десек - Ленинди , Ленин десек - партияны  түшүнөбүз” дегендей, Садыр Нургожоевич десек, автоматтык түрдө -  Камчыбек Кыдыршаевич, Камчыбек Кыдыршаевич десек - Садыр Нургожоевич  эске келет. Экөөңүздөр азыр Кыргызстандын бүгүнкүсүн гана эмес, эртеңкисин да калчашыңыздар  мүмкүн. Бир жагынан бул элдин көпчүлүгүнүн (митинг, жолугушуулардын көрсөткүчү боюнча) тандоосу, экинчи жагынан  5-октябрдагы, андан мурда жасап жүргөн чечкиндүү  кадамыңар силерди ушундай  зор ишенимге ээ кылды.

Мындан ары кандай башкарууда жашагыбыз келет, президенттикпи, парламенттикпи дегендер талкууланып,  ал буйруса, 10-январда аныкталганы жатат. Мен социалдык түйүндөрдү, Фейсбукту, жалпыга маалымдоо каражаттарын  дайыма карайм, оюмду, сунушумду билдирип келем. Садыр Нургожоевичти сындагандарга караганда колдогондор аябагандай көптөй көрүнөт. Андай жолугушууларда бийлик, административдик ресурс  ж.б. дегендер атайылашса да уюштура алышмак эмес, көпчүлүк эл жаңы адамды күтүүдө. Бир нерсе эсиме келди, анын атасы Кытайга  барганда кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, айылына кайтып келгенде чоң мечит салдырып, ага Кудайдын амири менен кут түшүп, чоң түлөө өткөргөнү эсибизде. Касиеттүү Көлүбүзгө, Кыргызстанга кут келгендей сүйүнүү болгон. Садыр  депутат болуп жүргөндө аябагандай курч маселелерди көтөргөн. Андан кийин куугунтуктарга учурап, түрмөгө түшүп, жакындарынан айрылып, азап-тозоктордун баарын көрдү. Чындыгында, ага элдин да, Кудайдын да боору ооруду.

5-октябрдагы окуялар боюнча убагында “Ала-Тоо” каналына чыгып, жыйырма мүнөттөй сүйлөп, оюмдагыларды айткам. Ошондо Кудайдын бар экендигине чынында эле ишендим дегем. Ушунча азап-тозокторду көргөн адамга аябагандай чоң ырыс берди, аябагандай чоң мүмкүнчүлүктү тартуулады. Элдин, айрыкча жаштардын талабы менен өкмөт башчысы, анан президенттин милдетин аткаруучу болду. Эми президенттикке аттанууда. Саясый абалды тополоңго  жеткирбей сактап калса болот беле же жок беле деген суроолор боюнча да пикиримди билдиргем.

5-октябрда президентке  элге чыгып оюн, позициясын билдиргенге мүмкүнчүлүк беришип,  күнүн, саатын айтышып, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып бергиле деген гана талап коюшкан. Бирок ал, тилекке каршы, элге чыкпады, талаптар боюнча так  позициясын билдирбеди. Анын атынан маалымат катчысы эле:  “Бийликти басып алуу болду, аны айыптайбыз, мыйзам талаасына чакырабыз”,- дегендей билдирүүлөрдү таркатып турду. Ошондо мен президент отставкага ыктыяры менен кетип, ордуна милдетин аткаруучу кылып премьер-министр Кубатбек Бороновду дайындап койсо, мыйзамдуу саясый процесстер үзгүлтүккө учурамак эмес,  уланып кете бермек дегем. Анан каалоочулар шайлоодо өз бактыларын сынап көрүшмөк. Бирок аракеттеги президент бирде кетем десе, бирде кетпейм деп, өзүнө  баргандарга  карама-каршы сөздөрдү айта берди. Мурда чоң бийликте жүргөндөр, ал гана эмес саясатка аралашпаган кошоматчы-шылуундар да биринин артынан  экинчиси киришип, ага ар кандай  кеңештерди берип, башын айландыргандар көп болду. Алар деле өлкөдө тынчтык, мыйзамдуулук болсо деген ойлордо болушкандыр. Бири парламенттик шайлоону өткөрүп, анан кетиңиз дешсе, айрымдары мөөнөтүңүз аяктаганга чейин иштеңиз дешти. Алар  элдин көпчүлүгүнүн маанайларын эске алышпады. Ошолордун бир тобу азыр С.Жапаровдун ырын ырдап, кечээ мактап, жактагандарын сындап, мазакташууда. Уялсаңар боло... Токтотсоңор болбойбу оюнуңарды, урматтуу кошоматчылар, эки жүздүүлөр!

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылганда  нааразылыктар пасаңдагандай болду. Бирок кан төгүлүп, жүздөгөн адамдар жапа чеккенден кийин  президент бойдон калганга  анын моралдык укугу жок эле. Ал дароо чечим кабыл алгандын ордуна, эртең кетем, бүрсүгүнү кетем деп  дагы созгонго өттү. Ага  Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич “эмне үчүн айткан сөзүңүзгө турбай, оюн кылып жатасыз? Айтарыңызды элдин алдына чыгып айтпайсызбы?  Же...”  дегендей ультиматум коюшканда гана жарым-бир саат мурда: “Мен кетпейм, мен үчүн элдин тынчтыгы эң жогору турат, ишимди улантам”, - деп жаткан адам 15-октябрда аргасыз отставкага кеткенин жарыя кылды. Кеч болсо да ал туура чечим болду.

Садыр  Нургожоевич чындыгында он күндөй эле президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди. Калганы интригаларда өттү.  Депутаттар да эч күтүлбөгөн  “оор күндөрдү” баштарынан өткөрдү көрүнөт. Азыр  Кыргызстандын бардык аймактарын түрө кыдырып, эл менен жолугушууда. Бардык жерлерде элдин тандоосу, жактыруусу Садыр Нургожоевичке ооп, анын жылдызы жанып турганы сезилүүдө. Бул адамдардын чанда бирине жүз жылда бир келчү бакыт. Байкашымча, алдын ала эле Садыр Нургожоевичтин жеңишинен күмөн санабаса болот.

Эми Кудай буйруп, президенттик шайлоо тынч өтсө, эл да өздөрүнүн сөздөрүнө турушуп, 70-80 пайыздык добуш менен шайлашса, Садыр Нургожоевич да элге берген убадаларына туруп, жаңыча иштеп, Кыргызстанды жаңыча башкарууга киришет деген үмүттөмүн.  Орчундуу бир учурда эске салгым келди. Анын  (Садыр  Нургожоевичтин)  азыркыдай абалга жетишинде ал түрмөдө жатканда ошол убактагы мамлекет башчысына аны бошотуу жөнүндө  гезиттер аркылуу такай кайрылып, өзү да кирип (жыйынтык чыкпаса да),  эл алдында “досумду сөзсүз бошотомун” деген убада берип, анан митингдер башталар замат  “Садыр Жапаровду президент кылабыз!” деген ураан  менен атырылып чыккан Камчыбек Кыдыршаевичтин  эмгеги аябагандай чоң. Ал экөөсүнүн  мындан аркы биргелешкен  иштерине, максаттарына,  мамилелерине ак жол каалайм.  Достугуңарга мурдагыдай бекем турсаңар, кеңешчилериңер, жардамчыларыңар калыс, таза адамдардан болушса  ишти алып кетесиңер деген ойдомун. Азыр эл арасында эки достун ортосунда карама-каршылыктар, пикир келишпестиктер болууда, булардын достугу Атамбаев менен Жээнбековдукундай эле, эртең-бүрсүгүнү  араздашып, каршылашат, бийлик талашышат  деген сөздөр айтылууда.  Алардын  баары кайраштырган чагым сөздөр. Мен силерди чагымдарга көңүл бурбай,  майдачылыктан алыс болуп, тарых берген улуу мүмкүнчүлүктү булгабай, ага  кусур келтирбей, эл үчүн, мамлекет үчүн бирге иштөөгө чакырамын. Уруучулуктан, кошоматчылыктан, жердешчиликтен, тууганчылыктан алыс болушуңарды абдан өтүнөм.

Садыр Нургожоевич! Камчыбек Кыдыршаевич! Сиздер  салыштырмалуу  жаш болгонуңуздар  менен аябагандай кыйынчылыктарды, азап-тозокторду, жамандыктарды башыңыздардан өткөрдүңүздөр. Мен да силер менен бирге убагында 5-чакырылышта депутат болуп  чогуу иштештим. Бир ирет Ирандын жупуну президенти менен чогуу болдук. Ал президенттин жөнөкөйлүгүн,  тазалыгын, жупунулугун, азыркы топуктуулугун эстей жүрүшүбүз зарыл. Айрыкча Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Талант  Мамытов  төртөөңүздөрдүн  Кыргызстандын саясый процесстерине кандай чоң таасир көрсөткөнүңүздөрдү  эл жакшы билет. Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун 2010-жылдын июнунда Ош, Жалал-Абаддагы  кандуу окуяларды тынчытуудагы салымдарын тарых өзү баалайт, элдин эсинен эч качан чыкпайт. Анда  чындыгында баатырдыкка татыктуу иштер  жасалгандыгын унутпайбыз, унутпашыбыз керек.

Парламентте бирге иштеп жүргөндө Камчыбек  Кыдыршаевич бардык депутаттардан башкача бир касиети менен айырмаланып турчу. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, ал аркадан “мен каршымын!” деп кыйкырып, жалгыз “каршы” добуш бергени эсимде. Силерде пенделерде сейрек кездешчү чечкиндүүлүк, кайсыл учурда болбосун принцибиңерге бекем турган  кашкөйлүк сапаттар бар. Ошол сапаттарыңарга майдачылык аралашпай  эл, мамлекет үчүн  иштеши керек.

Айрымдардын: “Садыр Жапаровдун  “түрмөдөн чыгып эле президент болгону кандай? Дароо эле мамлекет башчылыгына умтулбастан темир тордон кутулгандыгына сүйүнүп, бир жакшы кызматта иштеп көрсө  болбойбу?”-деп жүргөндөрү да чындык. Дүйнөдө түрмөдөн чыгып эле мамлекет башына келгендер болгон.  Ага мисал катары Чехословакияны, Венгрияны, Түштүк Африка өлкөсүн келтирсек болот. Ошондуктан, бул маселени өтө эле драмалаштырып, адаттан тышкаркыдай көрсөткөндүн  кажети  жок. Эң негизгиси, президентти шайлоо тынч, калыс, таза, бири-бирибиздин көңүлдөрүбүздү калтырбагыдай өтсө деймин. Айрыкча Садыр  Нургожоевич сиздин оозуңуздан ашыкча одоно  сөздөр чыкпашы керек деп ойлойм. Ушунча эл колдоп жаткандан кийин башка талапкерлерге салыштырганда    жоопкерчилик өзгөчө чоң  экендигин сезишиңиз керек.

Эл деген бийик аскалуу тоо. Андан бардыгы: жакшысы да, жаманы да, түзү да, кыйшыгы да  көрүнүп турат. Ошондуктан, кошоматчылардан, колдору, абийирлери булгангандардан  алыс болуп, мүмкүн болушунча таза иштеңиздер, шашылышта туура эмес тандалган кадрларыңардан убактысы келгенде арылыңыздар. Жакшы иштегендер өз кызматтарында калсын, аларга тийишип кереги жок.

“Из калтыр бул дүйнөгө, Жасаган ишиң менен. Көңүлдү калтырбайлы, Баары өтөт бул  дүйнөдөн”, - деп бир акын жазгандай, бул дүйнө бардыгыбызга жетет, бардыгыбыздан калат. Эртеңки шайлоодо атаандаш болгондор каалашса, каалашпаса дагы бүрсүгүнү кайра эле жүз көрүп учурашып,  куттуу мекенибизде жүрүшөт.  Ызы-чуулардын бардыгы эртең эле унутулат. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет. Биз деле кичине эле элдерденбиз. Бүгүнкү атаандаштардын айрымдары менен балким чогуу иштеп да каларсыңар. Силерден болбосо  да жактоочуларыңардан, үгүтчүлөрүңөрдөн жаман  сөздөр чыкпаса деймин.  Атаандаш болсо да күчтүү саясатчыларды, аймактарда таасирлерди күчтүүлөрдү  жаныңыздарга тартсаңыздар. Алардын бири- Адахан Мадумаров. Ал 1995-жылы  велосипед  менен эл кыдырып жүрүп, Өзгөндөгү мен кыйынмын деген талапкерлердин баарын  жеңип, күтпөгөн жерден депутат болгон. Ошондон бери активдүү саясатчы болуп келатат. Анын ичинде жыйырма жыл оппозицияда жүрүп келет. Каныбек Иманалиев, Канат Исаев, Клара Сооронкулова  ж.б.  да эл-жер үчүн күйгөн, мекенчил, билимдүү, илимдүү, чечен, харизмалуу  саясатчылар. Элдин биримдиги, ынтымагы, Кыргызстандын эртеңи, келечеги үчүн ушундай саясатчыларды пайдалануу керек.

Президенттикке талапкерлердин 28-декабрдагы теледебаты жакшы өттү. Анда аргументтештирилген негиздүү көз караштар айтылды. Алар сөзсүз эске алынуусу зарыл. Бирок ал жерде айрымдар айтышкандай, канчалаган нааразылыктар болсо да дароо мыйзамдык талаага түшүп кетүү абдан кыйын. Ошентсе да талапкерлерге бирдей шарттын түзүлүшүн камсыз кылуу  силердин, эки достун, и.о. президенттин  жана башка бийлик бутактарынын колдорунда турат. Убакыт аз калса да мындан аркы жолугушуулар калыстыкта, теңдикте өткөрүлсө жакшы болор эле.

            Урматтуу Садыр Нургожоевич!

            Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

            Кымбаттуу президенттикке талапкерлер!

Сиздер эл, мамлекет үчүн бирге болуп,  улуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,  ишеничибизди, үмүтүбүздү актаңыздар! Кыргызстан азыр кыйын абалда турат. Азыркыдай оор абалдан  силер жана элдин купулуна толуп турган  күчтүү саясатчылар гана чыгара аласыздар!

 

Академик, коомдук  ишмер Бектемир Мурзубраимов, Булак: "Майдан. kg" гезити