Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 202

Жапаровдун карьералык секиригинин негизги фактору катары 2020-жылдын күзүндө болгон парламенттик шайлоону жана анын жокко чыккан жыйынтыгын айтсак болот. Айта кетүүчү жагдай  шайлоо алдындагы сурамжылоодо Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлгөн “Мекенчил” партиясы жарыштын алдыңкы сабында болушкан.  Алардын мындай жүрүшү  бир катар аналитиктер үчүн күтүүсүз болду. Себеби, Ташиев менен Жапаровдун партиялык биригүүсү парламентке өтөт деп эч качан ойлошкон эмес. Анткен менен шайлоочулар, карапайым калк саясий элитаны алмаштырууну каалап турганы шайлоо алдында түшүнүктүү болду.  Ал эми “ Мекенчил” партиясы дээрлик жаштардан түзүлгөн болчу. Алардын таянганы, ишенгени мына ушул жаңыча ойлонгон билимдүү жаштар эле. Мындан башка аларда эч кандай каражат болбогону калың элге белгилүү.  Дегеле Садыр Жапаров темир тор артына камалганы интернеттеги социалдык желелерде аны колдогон топтор арбыган. Мына ушундай колдоонун аркасынан партия 135 миң добуш алып, парламентке өткөн.