Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1124

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, юридика илимдеринин доктору, республикабыздын эмгек сиңирген юристи, учурдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү Автандил Арабаев менен маек.

- Автандил Анисович, мамлекеттик башкаруу системасы боюнча референдумга саналуу гана күндөр калды. Сиздин прогнозуңуз кандай? Элибиз башкаруунун кайсы жолун тандайт дейсиз?

- Мен көзү ачыктык кылсам жарашпас. Бирок  менин терең ишенимимде, референдумда биз президенттик башкарууга өтөбүз. Көпчүлүк жарандарыбыз юридикалык терминдерди жакшы билбеши мүмкүн. Бирок баарыбыз түшүнүп турабыз да. Мамлекетке саясий туруктуулук жана жоопкерчиликтүү бийлик керек. Садыр Жапаров: «Мен жоопкерчиликти өзүмө алайын, өкмөттүн иши үчүн да жооп бергенге даярмын», -деди. Ошондуктан,  аны колдоого алсак, жаңылбайбыз.

- Демек, сиз президенттик башкарууга өтсөк, саясий туруктуулук болот жана бийлик да жоопкерчиликтүү болот деген ойдо турбайсызбы...

- Азыркы учурдагы заманбап мамлекеттердин өнүгүү тенденциясы көптөгөн өлкөлөрдүн президенттик республиканы тандоосунан кабар берет.

Мындай тенденциянын башкы себеби эмнеде? Ал президенттик республиканын туруктуулугунда. Анда парламент өкмөттү иштен кетире албайт, ошол эле мезгилде президент да парламентти тарката албайт.

Президенттик республиканын классикалык вариантында президент бир эле мезгилде мамлекеттин да башчысы, аткаруу бийлигинин да башчысы болуп, парламенттен көз карандысыз шайланат. Президент өкмөт мүчөлөрүн-министрлерди өзү дайындайт да алар мамлекет башчынын алдында жоопкерчиликтүү болушат.

- Парламенттик башкарууда да президентти түздөн–түз шайлабадыкпы?

- Парламенттик республикада президент адатта парламент аркылуу, мисалы, Греция, Түркия, Чехия мамлекеттеринде же өзгөчө коллегия аркылуу Германияда, Индияда, Италияда шайланат. Президенттин мындай жолдор менен шайланышын негизинде камтылган идея - бул президенттин өз мандатын түздөн-түз элден алуусу менен өзүн парламентке карама-каршы коюусуна жол бербөө.

Бирок  президенттин шайлануу өзгөчөлүгү парламенттик республиканы президенттиктен айырмалоо үчүн чечүүчү критерий болуп саналбайт. Мындагы башкы маселе - өкмөттү дайындоо тартиби жана анын саясий жоопкерчилиги.

Парламенттик республикада да министрлерди президент дайындайт, бирок президент бул дайындоодо формалдуу гана ролду ойнойт. Кимдин өкмөт башчысы, кимдин министр болушун парламенттик шайлоолордо жеңип чыккан саясий партиялар же алардын коалициясы чечет да, президент ал чечимди мамлекет башчы катары юридикалык жактан формалдуу гана бекитет. Ошондуктан,  өкмөт парламенттин гана алдында жоопкерчилик тартат.

- Учурдагы башкаруу системасы эмнеге иштебей калды?

- Себеби бийликте жоопкерчилик да, саясий туруктуулук да жок болду. Алардын кесепетин октябрда көрбөдүкпү.

Карасаңыз, биз мамлекеттик бийликтин булагы эл дейбиз. Андай болгон соң, бийлик эл алдында жоопкерчилик тартып, элдин кызыкчылында иштеши керек да. Бирок учурда бийлик элдин эмес эле, саясий партиялардын колуна өтүп кетпедиби. Мамлекет органдарын, айрыкча өкмөттүн түзүмүн аныктоо, кызмат орундарына дайындоо, жада калса ким депутат болот, ким болбойт – мунун баарын парламенттеги партиялар чечип жатпайбы.

Мындай башкаруу системасы эмнеге алып келди? Биринчиден, саясий туруксуздукка алып келди. Акыркы 10 жылдын ичинде 10 жолу Өкмөт алмашты. Өкмөт алмашкан сайын, мамлекет канча зыян тартып жатты. Ушул жакшыбы? Экинчиден, бийликте жоопкерчилик таптакыр жок болду. Парламенттик башкарууга таянып алып, саясий партиялар мамлекеттик да, коомдук да турмушта чечүүчү орунга ээ болуп алды. Бирок, жоопкерчиликти алышкан жок.

Көрдүңүзбү, парламенттик демократия деп отуруп, биз мамлекетибизди жарга такап алдык. Бийлик системасы саясий партиялардын барымтасында калды. Эң негизгиси эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Мындай парламенттик демократиянын кимге кереги бар? Албетте, элибиз буга каршы чыгып жатат.

- Рахмат маегиңизге.

 

Маектешкен Гүлмайрам Коргонбаева