-Парламенттик башкаруу формасынын тарапташтары адатта учурдагы Конституция учурунда Президент бардык аткаруу жана сот бийлигин узурпациялап алды дешет. Бирок Жогорку Кеңеш аткаруу жана сот бийлигин калыптандыруу жаатындагы өзүнүн конституциялык укугун толук кандуу пайдалана албай калганына ким күнөөлүү? Президент Жогорку Кеңешсиз, өз алдынча, өз чечими менен башкы прокурорду дайындай алчу беле? Жок, албетте... Же Жогорку Кеңеш Жогорку соттун төрайымын дайындоого катышчу эмес беле? Катышканда да кандай, Жогорку соттун бир дагы судьясы Жогорку Кеңештин макулдугусуз дайындала албайт. Бардык сотторду тандоого да Жогорку Кеңеш катышчу эмес беле? Албетте, катышкан, сотторду тандоо Кеңешинин үчтөн эки судьясы парламент аркылуу дайындалган. Эсептөө палатасынын аудиторлорун дайындоого да парламент аралашкан. Анын да үчтөн эки аудиторун Жогорку Кеңеш түз бекиткен. Жогорку Кеңешке коалициялык көпчүлүктү президенттин кийлигишүүсүз түзүп, өзүнүн премьерин жана анын министрлерин дайындоого ким тоскоол болду? Эч ким! Ошондуктан 2010-жылдан берки бир дагы премьер-министр парламент тарабынан көрсөтүлгөн жок! Ушул бардык конституциялык булактарды жана куралдарды Президенттин пайда болуучу авторитаризмине каршы колдонууну депутаттар өздөрү каалашпаганына ким күнөөлүү?
Булак: “Майдан. kg” гезити