Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 228

 

Бул жолку шайлоо башкача өңүттө өтчүдөй болуп жатат. Буга чейинкидей мамлекеттик кызматкерлерди күчкө салып, айдактап добуш салдыруу, пачкалап блютендерди урнага салган көрүнүштөр болбой турганы байкалууда.

Элдин көбү бир таалапкерге, тактап айтканда Садыр Жапаровго токтолуп, аны шайлай тургандыгы эмитен эле белгилүү болуп калды.

Мындан улам, элдин колдоосуна ээ болбой турганын сезген башка талапкерлер эртелеп тынчы кетип, Садыр Жапаровго каршы ар кандай негизсиз каралоолорду  уюштуруп, элди өзлөрүнө бура албай убара тартып, бушайман болуп келишет.  

Көп талапкерлер Улуттук каналда  өткөн теле дебатта берилген убактыларынын көбүн мамлекетти өнүктүрүү, элдин турмушун оңдоо боюнча өздөрүнүн платформасын элге тааныштыруу менен өткөрбөй эле, Садыр Жапаровго асылуу менен өткөрүп коюп жатышканын да көрүүгө болот. Алар, “Эмне үчүн Садыр Жапаров теле дебатка катышпайт, элди тоготпой жатат” деп чыгышты.

Садыр Жапаров болсо,  эл менен көзмө - көз жолугуп, элдин арыз- муңун өз кулагы менен угуп жаткандыктан, теле дебатка катышууга убактысы болбогонун, ага барып, башка талапкерлер менен акыйнек айтышып убакыт короткондон көрө, эл менен жакындан жолугуп баарлашкан маанилүү экенин белгиледи. “Миң уккандан бир көргөн” дегендей, эл менен көзмө – көз жолугуп, баарлашканга не жетсин.

Айтор, бул жолу башка талапкерлер канчалык чарк айланып, жер тепкилеп чамынышпасын карапайым калың эл Садыр Жапаровду президент кылып шайлап алуусу ачык эле көрүнүп калды. Ал Кыргызстандын кайсы аймагына барбасын миңдеген калың эл аны урматтап тосуп алып жатышат.

Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер, саясий илимдин доктору:  “Садырга каршы сөз айткандар элди өздөрүнө буралбай эстери ооп жатат”

-Садыр Жапаровду эл жабыла колдоп жатканы Кудай Таала Садырга президенттик такты буюруп жатат. Жашоодо көп нерсе Кудайдын каалоосуна жараша болоорун эстен чыгарбообуз керек. Кудай каалап, буюруп койсо, ага эч нерсе тоскоол жарата албайт. “Билими тайкы, андай- мындай” деп Садырга каршы сын айткан башка талапкерлер жөн эле былжырак кепти айтып, элди өздөрүнө бура албай эстери ооп жатышат.

Президент болчу кишиде билимден мурун эл башкарыш үчүн талант, шык, жөндөм жогору болушу керек. И. Сталин деле төрт жылдык билими менен бүтүндөй СССРди башкарган. Чынгызхан эмне Москва мамлекеттик университетинен билим алып эл башкарыптырбы? Садырга сын айткан талапкерлер а дегенде тарыхты карап, ойлонуп сүйлөшсө жакшы болоор эле. Садырдын жасаган кадамдары, аракеттери жакшы болуп жатат. Эл үмүтүн актаган, жашоо- турмушту оңогон татыктуу президет болот деп ишеним артып жатам. 

Эсенгул Исаков, экс-депутат:  "Эл колдоого алган президент күчтүү болот, президент күчтүү болсо, мамлекет күчтөнөт"

-Канча талапкер чыкса да, элдин көпчүлүгү Садыр Жапаровду колдоодо. Себеби, анын жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы бардык жакта жоопкерчиликти өз мойнуна алам деп убада берип жатканы элдин ишенимин арттырууда. Ошондой эле бийликке нечен жыл чындыкты айтып, мыйзамдуулукту талап калганы үчүн өз башынан душманга да каалабаган жамандыкты, адилетсиздикти өткөздү. Ошол кыйынчылыктар да ал адилеттүү президент болот, өз кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын жогору койгон президент болот деген ишенимди пайда кылды.

Менимче, Садыр Жапаровду жөнөкөйлүгү элге жакындыгы жана айткан сөзү кыска-нуска болгон үчүн калың эл колдоого алып, күндүн суугуна карабай жолугушууга келип жатышат. Анткени, өчкөн үмүттөрү жанданып, ар бир инсан көп жылдап чечилбей келген маселесин айтып, чечтирип калуунун аракетин көрүп жатышат. Эл колдоого алган президент күчтүү болот. Президент күчтүү болсо, мамлекет да күчтүү болот. Буюрса, Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, элге ыңгайлуу шарттар түзүлүп, программасын да ийгиликтүү ишке ашыра алат деген ишеничтемин.

Стал Абдыраев, журналист:  “Жүрөк эргиткен жолугушуулар, эл күткөн үмүт»

-Эл Садыр Жапаровду каякка барбасын үмүткө жетеленген ойлор менен тосуп алып, бирөөсү ондогон жылдар боюу чечилбей, жан дүйнөсүн ооруткан көйгөйлөрүн айтса, бирөөсү али эл башчысы боло элек Садырга батасын берип, каалоо - тилегин айтып, айтор көпчүлүктүн каалоосу, үмүтү жалгыз Садыр уулубузда деп турушат!

Жан кейиткен миңдеген чечилбеген маселелер,  калыстыгы жок, баш аламан башкаруу, укук коргоодогу өзүм билемдик, паракорчулук, айтоор санасаң кол жетпеген көйгөйлөр. Баары тең мамлекеттик башкаруунун туура эместигинен, өз көмөчүнө күл тарткан аракеттерден пайда болгон мүчүлүштүктөр! Эми ушунун баары эскилердин, бийликке жаңы келе турган эл башчысына калтырган " белеги"... Бир тарапта үркөрдөй чогулган топ, өзүлөрү бийликте турганда көздөрү көр болуп, эми муз ордунан козголгондо, муну- мындай, тигиндей кылыш керек болчу деп, тилдери сайрап, үшкүрүгү таш жарат.  Ыймандарына камчы уруп, жандарын жеп, чогула калып, бир нерсеге кол коюумуш болушат...

Башкасын кой, эл пандемия апааты менен кырылып жатканда эмнеге ушинтип элим дегенге жарабадыңар. Эмнени айтып, элдин башын айланткыңар келип жатат?

Силердин ким экениңерди эл аябай жакшы билет. Силерди карап отуруп, айла жок, муундар бошоп, жакаңды кармап тобоо кылгандан башка арга калбады.  Садыр иним, эл аралап Кыргызстандагы ал ахыбал менен таанышып, көп нерсеге көзүң ачылды. Кудай буйруп, элиң тактыга олтургузса ар - бир көйгөйдү көзөмөлгө алып, элдин жонундагы оор жүктөрдү бир силкип, каржалган элди бир жеңилдетип салчы? Кыргыз эли көзүбүздү ачалы, тили буудай кууруп, колунан куурай башын сындыра албагандардын азгырыгына кирбейли. Көзүбүздү ачып, ойгонолу, Жараткан жар болсун! Президенттике Садыр Жапаров гана татыктуу.

Келдибек Ниязов, Кыргыз эл артисти: "Садыр Жапаров өлкөнү татыктуу башкарып, элдин турмушун жакшыртаарына ишенем"

-Мен Садыр Жапаровдон эң биринчи мыйзамдуулуктун сакталашын жана анын так аткарылышын катуу көзөмөлгө алса экен деген тилегим бар. Болбосо бизде баары чаржайыт болуп кетти. Мыйзамды эч ким буза алгыс, буза турган болсо жазасын катыра бере тургандай тартип керек болуп турат. Анан жанагы партиялык система дегенди жоем дегенин кош колдоп колдойм. Ошонусу эң туура. Партия – бул айрым саясатчылардын бизнес долбоору болуп калды. Муну тезинен тизгиндеп бир тартипке салбасак, эзели оңолбойбуз. Садыр Жапаров буйруса президенттикке шайланат. Ушунча элдин колдоосу кантип текке кетсин. Садыр Жапаров өлкөнү татыктуу башкарып, элдин турмушун жакшыртаарына ишенем.