“Кыргызда калк айтса, калп айтпайт” – деген сөз бар. Бүгүн эл түп көтөрүлө Садыр Жапаровду колдоодо. Элдин колдоосу ушунчалык күчтүү экенин мындан билиңиз, жада калса, Жапаровду жактырбагандар да, саясий каршылаштары да бул фактыны аргасыз моюнга алышууда. Кыргызстандын бардык аймагындагы элге бирдей жаккан Садыр Жапаровдун феномени, өзгөчөлүгү эмнеде?
Ушул жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында элибиз далай ирет алданды, “ишенген кожосу сууга агып”, далай ирет чайналды. Элинин эмес, аялынын айтканын уккан, мамлекетти эмес, бир туугандары менен балдарын байыткан, шоопуру менен жан сакчаларына эл тагдырын карматкан, олигархиялык топтун туткунунда калып, алардын сөзүнөн чыкпаган президенттерди көрдүк. Бүтүндөй өлкө тагдырына жасалган ушундай кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиленин кесепетин бүгүн көрүп жатабыз. Өлкө туңгуюкка кептелди, карызга белчебизден баттык, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетип, эртеңкибиз бүдөмүк болуп турат. “Лидерди, баатырды кырдаал жаратат” - дейт. Дал ушундай кыл учундагы кырдаал Садыр Жапаровду алдыга чыгарды. Садыр Жапаровду кайсы бир саясий топ, акчалуу олигархтар же чет элдик күчтөр эмес, карапайым эл көтөрүп чыкты. Элдин эртеңки жаркын келечекке болгон кепилдиги да, ишенген тиреги да бүгүн Садыр Жапаров экендиги учурдун чындыгы.
Чынында эл чирип калган коррупциялашкан системадан, бийликтин жапырт жоопкерчиликсиздигинен, адилетсиздиктен, жакырчылыктан, сатылган соттордон, укук коргоо органдарынан, элдин ырыскысы бир ууч олигархтардын колуна топтолуп калганынан тажады. Эл чечкиндүү кадамдарды, жаңыланууну, чыныгы өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Ошондой аруу тилектердин орундалышы, бакубат, эркин, кубаттуу мамлекетибиздин ачкычы - элдик лидер Садыр Жапаровдун колунда. Ыйык ишенимдин ал ачкычын Садыр Жапаровго эл берип жатат! Ал бийликтеги аз убакытта жасаган иштери көпчүлүктүн купулуна толду, ишенимине ишеним кошуп койду. Ал чиновниктердин ыкшоолугунан, коркоктугунан, жалкоолугунан жана иш билбегендигинен улам ондогон жылдар бою чечилбей келаткан бир канча көйгөйлөрдү 10 күндүн ичинде чечип салды. Мамлекетибиз мына ушундай чечкиндүү, тез жана туура чечимдер менен гана саздан чыкканы турат. Садыр Жапаров маектеринин биринде: “Бүгүн өзгөрүүлөрдүн, чечим кабыл алуулардын ылдамдыгы болуп көрбөгөндөй чекте кысылыш болуп турат. Бат жана чечкиндүү аракет кылыш керек. Бюрократияны, иштин көзүн билбегендикти, жек-жааттыкты, коррупцияны жоюу зарыл. Бүттү. Былжырап отурганга убакыт жок” – деди.
Өткөн жылдын акыркы айларындагы коррупцияга каршы жасалып жаткан аракеттер анын эч кимден, эч нерседен жалтанбаган эрктүүлгүн көрсөттү. Аз убакыт ичинде уурдалган миллиарддан ашык сумманы казынага кайтарып койду. Күн сайын 4-5тен кармалып, камалып жаткан коррупционерлерди көрүп, жалпы элдин жарпы жазылып, кычуусу канып, “баракелде, бали” деп жатканы калппы? Бул адам менен жең ичинен соодалашуу пайдасыз экенин түшүнүп, дагы далай коррупционерлер капчыгын каңтарганга, жеп-ичкенин мамлекетке кайтарганга камынууда. Алар түшүндү. Жегенин кускандан башка аргасы жок! Бул Садыр Жапаровдун тазалыгы! Демек, өлкөбүздүн жаңы барагын баштоого, таза тарыхын жазууга убакыт келди! Садыр Жапаров президент болуп шайланып калсам, коррупцияга каршы күрөш 10 эсе ылдамдык менен уланат деп ишенимдүү айтууда. Аз убакыт ичинде миллиард сом казынага кайтарган эрдигин 10 эсе ылдамдыкта улантса, демек, казынабыз какшыбайт деп ишенчтүү айтсак болот.
Кыргызда “көрбөгөндүн көргөнү курусун” деген сөз бар. Алдына чачылган акчадан көзү алачакмактап, алкымын тыя албаган президенттерди да көрдүк. Садыр Жапаровдун андайга азгырылбаганынын сыры – ата тегинин тектүүлүгүндө болуп жүрбөсүн? Жетинчи атасы Бирназар бий эл башкарган, журт таламын талашкан элдик адам болгону оозеки эмес, тастыкталган тарыхта ташка тамга баскандай жазылып турат.
Эл намысына жараган ата - бабаларынын жолу, мекенчилдик сезими ашып-ташыган, намазын үзбөй окуган атасы Нуркожо ажынын тарбиясы – ачык айтып, так сүйлөгөн, кыйынчылыкка мүңкүрөп сынып бербей, түтөгөн сайын күчөгөн Садыр Жапаровду кыргызга берди.
Мамлекетибизди алдыга жылдырбай тушап келген дагы бир нерсе – ынтымагыбыздын жоктугу, ич ара саясий тирешүүлөрдөн өйдө боло албагандыгыбыз. Садыр Жапаров бүгүн мамлекет келечеги, элдин жыргал турмушу үчүн саясатчыларды биригүүгө чакырык таштап келет. Ал шайлоо алдындагы платформасында да “өлкөдө көп жылдардан бери адамдарды саясий көз караштары үчүн куугунтуктоо болуп келди. Бүгүн да мындай кѳрүнүштѳр бар. Мен баарын таза барактан баштоону сунуш кылам жана саясий жактан ымалага келүүгө чакырам” – деп жатат. Өлкөбүздүн прогрессивдүү күчтөрү жекеликти эмес, келечекти мелжеген бул кадамын баалап, анын айланасына бириге баштаганы да - өтө жакшы көрүнүш. Бул анын бириктиргич, данакерлик касиети десек болот. Шайлоо алдындагы эл менен жолугушууларында айрымдар тарабынан кайсы бир саясатчылардын дарегине айтылган сын пикирлерди, ачуу сөздөрдү ээрчибей, элди сабырдуулукка, ынытмакка чакырган сөздөрүн көп айтты.
Садыр Жапаров кадрларды тандоодо тааныштык, жердештикке эмес, профессионалдык деңгээлине басым жасаарын да айтып келет. Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендеги кадрдык жүрүштөрү да өзгөчө болду. Ал мурунку бийлик, кийинки бийлик деп бөлгөн жок. Жалаң жалындуу жаштарды, тажрыйбалуу иш билгилерди өзүнө тартты. Өткөн жылдын декабрь айынын башында Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда биргелешкен бизнес форум өтүп, ага катышкан кыргыз министрлери Тилек Токтогазиев, Нуржигит Кадырбеков, Алмаз Бейшеналиевдер өз тармагы боюнча презентацияларын жалаң англис тилинде жасап, элдин алкоосуна татышты. Англисчени мындай кой, шаардын атын так айта албаган, эки сөздүн башын тыңырак кошуп сүйлөй албаган чиновниктерге көнө түшкөн кыргызстандыктарга чынында бул чоң жаңылык болду да. Кудай буйруса мындан кийин бардык мамлекеттик кызматтарга кадрлар жеке тааныш-билиштиги эмес, профессионалдык деңгээли, коррупцияга аралашпаган тазалыгына карап тандалат. Садыр Жапаров кадр саясатына өзгөчө аяр мамиле жасаарын ар бир жолгушуусунда так кесе айтып келет. “Ар бир мамлекеттик кызматкер ачык сынак менен кызматка кабыл алынат. Мурдагыдай тааныш-билиштик жардам бербейт. Бардык министрликтердин, бажы, салык ж.б. кызматтардын жетекчилигин, адистерин түз эфир аркылуу ачык сынак менен жалпы элдин көз алдында тандоо жүргүзүү керек. Эгер эл менин талапкерлигимди колдоп берсе, дал ушундай жол менен мамлекеттик башкаруу системасын жаңылайбыз!” – дейт элдик талапкер Садыр Жапаров.
Коррупцияны тыйсак, иш билги, мыкты, таза кадрларды алдыга чыгарсак эле Кыргызстан, тез аранын ичинде оңолуу жолуна түшмөк.
Айнура Арзыматова, тарых илимдеринин доктору, саясий серепчи: “Садыр Жапаровдун феномены - саясий элитанын эмес, элден чыккан лидер экендигинде!”
- Садыр Жапаровдун феномени чынында өтө кызык көрүнүш болуп атат. Эл аны эмнеге мынча катуу колдоп жатат? Анткени ага эл ишенип атат. Буга чейинки бийлик ишенич деген улуу сезимди тебелеп-тепсеп салышкан. Элден эч нерсени ката албайсың. Туура эмес ишиң, таза эмес кадамдарың болсо дароо эле элдин ишеничинен кетесиң. Садыр Жапаров саясий элитанын эмес, элден чыккан, элдин көйгөйүн билген адам болгон үчүн көпчүлүктүн колдоосун алууда. Элдин колдоосу канчалык күчтүү болгон сайын, ага карата каралоо дагы ошончолук болуп атат. Садыр Жапаровго каршы саясий топтор биригип, бир нерсе кылууга аракет кылып жатышкансыйт. Бирок алар бир нерсени жакшы түшүнбөй жатышат. Элдин назары, көңүлү, ишеничи бүгүн Садыр Жапаровго ооп турат. Алар канчалык каралабасын, жамандабасын эл азыр оюн өзгөртпөйт. Эски элиталардан эл психологиялык жактан чарчады, тажады. Көргүсү келбей калды.
Ахунбай Кошоев, коомдук ишмер: “Чындык үчүн ал үй бүлөсүн, өмүрүн кечип салды. Мына анын феномени”
- Садыр Жапаровдун феномени эмнеде? Ал чындыкты айта алган жалгыз фигура. Ал чындык үчүн башын сайып койгон. Чындык үчүн запкы жесе дагы, өзүнүн өмүрү кыл учунда турса дагы, жакындары куугунтук жесе дагы артка кайткан жок. Демек, ал мамлекеттин кызыкчылыгын, элдин жыргалчылыгын өзүнүн өмүрүнөн, үй бүлөсүнөн өйдө кое алды. Муну эл көрүп, билип турат. Эми Садыр Жапаров өзү айтып жүргөн чындыкты, элдин мүдөөсүн иш жүзүндө ишке ашырып, болгон күчүн, билимин, эркин мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жумшашы керек. Эл дагы 10-январь күнү аны колдоп, добуш эле берип койбостон, андан аркы ишине дагы колдоо көрсөтүп, демине дем, күчүнө күч кошуп, жардам бериши керек.