Өткөндө көчөдө жүрсөм бирөө открытка таратып жүрүптүр. Ичин ачсам жаңы жыл менен куттуктаган сөздөр, этегинде урматтоо менен Каныбек Иманалиев дейт. Күлкүм келди. Калмактарга жан тартып, аларды даңазалаган китептерге демөөрчү болуп жүргөн Иманалиев тура деген ой келди. Бул өзү кыргызбы же калмакпы? Калмак эч качан кыргызга жакшылык кылган эмес, кылбайт дагы. Ушундай журт бузаар, кыргыздын тарыхын, эпосун тебелеп-тепсеген адамдын президенттикке талапкер болушунун өзү акылга сыйбайт. Өзүн кыргызмын деп эсептеген адам Иманалиевге окшогон бузукуларды шайламак түгүл, ал жан тартып жабышып жаткан башка талапкерлерден дагы алыстан айланып өтөт.