Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

Кимдин кишиси эле, кандай киши эле. Өзү балким унутуп калган чыгар, бирок эл унута элек да. Жаныш Бакиевди жандай басып, жанында жүргөн эң жакын адамы болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Убагында бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңештин бакыйган спикери болчу. Колунда бийлик да, мансап да баары бар эле. Бирок Кыргызстандын өнүгүүсүнө жарытылуу эмне иш кылды? Канчалаган жерлерди саткандыгын эрдик катары көрүп жатабы? Мына ошол ириген системаны алып келип, өлкөнү чириткен адам акыл айтып, ажо болгусу бар. Акылын барда эсиңди жый, кыргызым. Мындай журт бузарлар бизди жыргаткан эмес, жана жыргатпайт. Бийликке келбеген адам болсо бир жөн, бул баарын көрүп, билип туруп, мамлекетти аңга түртөт. Анын үстүнө мындай карт бөрү болуп калган, картаң саясатчылардан эмне жаңылануунун күтсө болот. Ар кимге биригип, кайра катындардай артынан жамандап жүргөн адамдан  чекеңер жылыйт деп ойлоп жатасыңарбы?