Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1130

Республикабыздын Улуттук коопсуздук кызматы  бийлик алмашкандан кийинки же ал Кызматты Камчыбек Ташиев жетектей баштаган  эки  айдын ичинде коррупционерлерден 2 миллиард 700 миллион сом  өндүрүп, мамлекеттин казынасына түшүрдү. УКМК ага чейинки он айдын ичинде болгону 116 миллион сом өндүргөн экен.

Чындыгында Камчыбек Кыдыршаевичтин ал кызматка дайындалгандан бери өзгөчө динамикалуу иш аракеттерине, кайратына жана эрктүүлүгүнө, ошол эле мезгилде жүрөктүүлүгүнө таң беришибиз керек. Ал мурдатан   кайраттуулугу, эрктүүлүгү  менен айырмаланып келген, 2010-жылдын июнундагы Түштүктөгү коогалаңдарда  Акматбек Келдибеков экөө от аралап, кан кечип эки элди ынтымакка чакырып, абалды тынчытканга чоң салымдарын кошкондугун билебиз. Бирок адам канча кайраттуу, эрктүү болбосун жан деген да ширин. Бири-бирин аткылашкандардын ортосунда жүргөндө  “качан менин кай жериме  ок тийет” деген ойдо жүрөксүгөндө, “менин жаным бейажал набыт болгондордун жандарынан артык эмес, мен өлсөм да ушул калаба тынчыса болду” деп  өзүн өзү чыйралтып, алга умтулгандыгын эскерген, алар убагында ЖМКларга чыккан.

Бирок  ачыгын айталы, УКМКга келгенде ага Чек ара кызматын  да коштуруп түйшүгүн эселеп көбөйткөнү аз келгенсип, анан мамлекеттин, элдин байлыгын уурдагандарга азыркыдай  айыгышкан катуу күрөш баштаарын күткөн эмеспиз. Чек аралардагы чыр-чатактуу  абалдардын алдын алып, пайда болгондорун  жөнгө салып, кошуна өлкөлөрдүн тийиштүү  кызматтарынын өкүлдөрү менен баш аягы көрүнбөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жемкорлорго каршы күрөшкөндөн да  татаал жана оор милдеттерден экендиги айтпаса да түшүнүктүү деп ойлойбуз. Анткени, эң ынанымдуу  саясый, тарыхый жана  географиялык аргументтерсиз өнөктөштөрдүн бири да өз позициясын өзгөрткүсү  келбейт. Чек ара маселесинде эки тарапты тең канааттандырган компромисстерге жетишүүгө дипломатиялык чоң талант да талап кылынат.

Коррупционерлерди чок баскандай чоочутту

Камчыбек Кыдыршаевич мына ушуларды чечкенге өзүнө гана мүнөздүү   көк жал кашкөйлүктө киришүүдө. “Биз эки айдын ичинде мамлекетке 2 миллиард 700 миллион сомду кайтардык,- деди ал  журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында, - 2021-жылдын январынан тартып ай сайын мамлекетке 3 миллиард сомдон кайтара баштайбыз, ал иш коррупционерлер уурдаган акчалар толук өндүрүлмөйүнчө токтобойт. Чиновниктер ак мээнеттери менен тапкандарына гана жашоолору керек. Бандиттерде гана эмес, депутаттарда да  кымбат баалуу  машиналар болбошу керек. Парламенттин депутаттарынын кандай машинелерде жүрүшкөнүн карагылачы. Алардын баары эсепке  алынып, документтер чогултулууда. Алардын бизнес чөйрөлөргө катыштыктары да текшерилүүдө. Алар мыйзам жазуудан да ири акчаларды таап жатышат. Ар депутаттын өз фирмасы, алардын ичинде миллиондогон сомдорду иштеп тапкан курулуш фирмалары да бар”.

Ташиевдин бул сөздөрүнөн кийин  Жогорку Кеңештин депутаттарынын гана эмес, мыйзамсыз байыгандардын  басымдуу көпчүлүгүнүн  түн уйкулары үчкө бөлүнүп, тынч уктай албай калышты го деп ойлойбуз. Мыйзамдуулук, абийир-асирет бар өлкөлөрдө  элди, мамлекетти тоногон уурулар парламентте, Ак, Көк үйлөрдө кычырай басып, коррупционерлерге, кылмышкерлерге каршы кантип күрөшүү  жөнүндө  акыл үйрөтүп жүрүшпөстөн  жеген-ичкендерин кусушуп, билектерине темир билериктер бекем тагылып, темир торлордун ар жактарында гана отурушат. Ал эми бизге окшоп кылмышкерлер ээн эркин сайрандап, бийлик баштарында  ичип-жеп тайраңдап, ал эми эли тиричиликтерин өткөрө албай туш тарапка тентип  таркап  жаткан  мамлекетти мамлекет катары деле  эсептөө да кыйын. Өз элин жемкорлорго талаткан бийликтин эмнеси бийлик?  Андай бийликтин аты болгон менен заты болбойт, элди гана кыйнайт. Тилекке каршы,  биз отуз жылга жакын убакыттан бери мына ошондой бийликтегилери өз элин ажыдаардай соруп, элдешкис душманындай          тоногон режимдерде  жашап келдик. Оодарыштардын аркасы менен бийлик башына келгендердин бардыгы коррупционерлерге каршы аёосуз күрөшүү  жөнүндө ооздорун толтура убадаларды беришкен менен алардын бири да өз сөздөрүнүн өтөөсүнө чыгышпады. Коррупционерлерге каршы күрөш дегенди - саясый атаандаштарды жазалоонун бир формасы катары гана түшүнүштү. Бийликтегилерде да, коомдо да башкалардын  жеген-ичкен балдары, кыздары   жазалана берсин, биздин айылдагыларга, кландагыларга эч ким тийишпесин деген маанай үстөмдүк кылып келди. Акыркы ажобуздун  коррупционерлерге каршы “чоң казаты” Матраимовдорго келгенде эле айсбергди сүзгөн “Титаниктей” кыйрап, туңгуюкка түшүп кетти. Эми элдин ушул убакка чейин акталбаган үмүттөрүн  “Үч баатырдын” башында турган  Камчыбек Кыдыршаевич  актайбы деген чоң үмүт пайда болууда. Эмне үчүн Камчыбек Ташиевден элдин үмүтү аябагандай чоң?

Ташиев баштагандарын аягына чыгарат

Мурда Камчыбек Ташиевдин  кээде ачуусу тез келип, эмоциясын башкара албай кеткен учурлары болчу. Айрымдарга анын мүнөзүндөгү айрым сапаттар да жакпашы мүмкүн. Айрым жактары боюнча ким эмне дебесин, бирок  эч ким аны коррупцияга аралашкан деп айта албайт. Бир убакта  чарбалардын ит арзанга сатылып  жаткан мүлктөрүнө кызыкпаган, ишкердик кылып ак эмгеги менен тапкандарын кайрымдуулук иштерге, шайлоолорго гана  сарптап келаткан  инсан мамлекеттин же башка бирөөлөрдүн маңдай терлери менен табылгандарга көз артмак беле?

1990-жылдардын башталышында ишкердик иши жүрүшүп, тыйын-тыпырлуу болуп жатканда айылындагы арзанга бааланып жаткан бир кашарды сатып алайын десе, атасы:  “Кой балам, бирөөнүкүнө көз арткан болбойт. Ээсине буйрубаган бизге буйрумак беле”,- деп койгондон кийин прихватташтыруу мезгилинде сатылгандарга таптакыр  аралашпай калган экен. Ошондон бери Камчыбек Ташиев “тигини менчиктештириптир, муну сатып алыптыр” дегендей сөздөрдү  таптакыр уга да, окуй да элекпиз. Ал бул жагынан  чындап колу таза эсептелүү саясатчылардан. Ал эми колу тазалардын “табакташтары”, “устукандаштары”, демек, кылчактатып колун байлагандары болбойт. Камчыбек Кыдыршаевичтин каны менен кошо бүткөн сапаттарга бул жагдайды да кошкондо  ал аманчылык, ден соолук болсо, баштагандарын толук аягына чыгарат деп ишенимдүү айтууга болот. Эң негизгиси, жаңы келе турган бийлик, эл гана ага андай мүмкүнчүлүктү толук берүүсү зарыл. Ал сөздүн да, иштин да адамы. Бизди бул жерде: “Камчыбек Кыдыршаевичтин жаңы жылдан тартып ай сайын уурдалгандардан 3 миллиард сомдон түшүрүп турууга” убада бергенин уккан коррупционерлер өздөрүнө кезек келээрин күтүшпөстөн арам оокаттарын туш тарапка чыгарып, анан өздөрү да чет өлкөлөргө качып кетип калышпайбы? - деген ой гана ойлондурат. Тилекке каршы, коррупционерлердин арасында  андай ойлордо жүргөндөр да болушу ыктымал. Анын үстүнө бизде элди, мамлекетти чоң зыяндарга учураткандардын убагында кармалышпастан башка мамлекеттерге качып кетүүсү да адатка айланып калган.

“Кол тийбестердин” аргалары кетүүдө

Камчыбек Кыдыршаевич чыныгы көк жалдыгына таянып   коркунучтуу бөрүлөрдүн уюгун козгоп, алардын айлаларын кетирүүдө. Маалымат жыйынында ал айткандарга таянсак, парламенттин депутаттарынын, жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктердин бизнестери гана эмес, чет өлкөлөргө эмне максатта, кайсыл каражаттарга барып  эс алып жатышкандары да дыкат текшерилип жатыптыр. Айрым депутаттардын костюм-шымдары 5-7 миң доллардан болсо, айрым чиновник  айымдардын шубалары 5-10 миң доллардан экен. Бир депутатты мындан 8 жыл мурда жасаган кылмышы үчүн кармап, тийиштүү акчаларын төктүрүп жатышыптыр. Анын айтымында, КРнын Жогорку Сотунун төрайымы  Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголуп, тергелип-тескелүүдө.  Чындыгында судья, прокурорлордун арасынан жалаң айлыгы менен жашагандарды табуу кыйын. Алардын айрымдарынын беш жылдык айлыктары да жетпей турган кымбат баалуу машинелерде жүрүшөрүн, көпчүлүгүнүн үйлөрү чыгаан ишкерлердикинен калышпаган хан  сарайлардан экендигин, айрымдары баасы 15-20 миң долларлык путевкалар меннен чет мамлекеттерде эс алышарын  элдин баары билишет. Алсак, жакында эле Жогорку Соттун 4 судьясы Дубайга эс алууга кетишиптир. Судьялар андай чыгымдарга каражаттарды кайдан табышууда?

Чындыгын айта турган болсок,  Камчыбек Кыдыршаевичтин көк жалдыгы аркасында гана бул  маселе көтөрүлүп, конкреттүү  адамдар кармалып, кылмыш иштери козголууда. Эгерде УКМК келерки жылы да азыркыдай активдүү иштесе, Кыргызстан коррупционерлердин көбүнөн арылып,  бюджеттин кем карчтары да толукталганы турат. Эгерде 3 миллиард сомду 12ге көбөйтсө, 36 миллиард сом болот.  Бул бир жылдык тышкы карызга төлөнчү сумма. Анча акча бюджеттен үнөмдөлүп, социалдык  чөйрөгө  жумшалса, көп маселелер чечилет.

Райым миллион да кызматташууда

Бир катар өлкөлөрдүн бажы кызматтары, ири ишкерлери менен биргеликте түзүлгөн коррупциялык механизмге ылайык, Райым миллион бажыканадан өткөрүлгөн ар машине жүк үчүн алардын ичиндеги товарлардын бааларына  жараша 500 доллардан 3 миң доллларга чейин алып турчу экен.  Ал тууралуу тергөө менен активдүү  кызматташып жаткан Райым Матраимов өзү айтыптыр. Демек, ал Бажы тармагында жооптуу кызматта иштеп турган убагында мамлекетке канча миллиард сомдук зыян келтиргендигин, аныктап, тактап коюу анча деле кыйын эмес. Анткени, товарлардын бардыгы бирден саналып  катталбаса да чек аралардагы бажы постторунан канча машине өткөндүгү сөзсүз бир жерде  катталган болуш керек. Эгерде андай эсеп жүргүзүлсө, Р. Матраимов төккөн 2 миллиард сом жөн эле аванстык транш болуп калышы да ыктымал.

Р.Матраимовго отуз жылдын ичинде бир да бийликтин тиши өтпөй, анын барымтасында калган акыркысы “фактыңар болсо бергиле” деп укук коргоо органдарынын колуна салгысы келбей көшөрүп туруп алды эле, аны Камчыбек Кыдыршаевич гана кустурганга жарады. Бул да чоң эрдик. Бирок, ал толук кусабы же мамлекеттен уурдагандарынын жүздөн бирин берип коюп эле кутулуп кетеби? Эгерде ал убада кылгандарынын баарын төксө, кылмыш жазасын колдонуу жагы кандай болот?

“Эрдик кылсаң аягына чейин кыл” дегендей, ушунчаны жасаган соң Камчыкебиз бул жагын да аягына чыгарат деп ишеним артып туралы.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити