Өтмөк жыл катары 2020-жыл биз үчүн көптөгөн суроолорду туудурду, бирок эч кандай жоопторду берген жок. Менин туугандарым, досторум, кесиптештерим жана журналисттер менден жакынкы келечек жана 2021-жылга карата божомолдор жөнүндө сурашат. Жыйынтыгында, мага жана ар тарабымдагы адамдарга эң кызыктуу болгон суроолорго жооп берүүнү чечтим. Менин көз карашым сизди да кызыктырат деп ишенем. Кайдыгер эмес адамдардын бардыгын талкууга чакырам!
1. МЕНИН КӨЗ КАРАШЫМДА, COVID-19 ПАНДЕМИЯСЫ КАЧАН АЯКТАЙТ?
Келгиле чынын айталы - биз коронавирус жөнүндө азырынча аз билебиз. Анын мутациясы, кайталап жуккан учурлары, жаңы чектөөлөр жөнүндө маалыматтар келип жатат... Эмдөө туурасында жакшы жаңылыктар да бар. Pfizer же Спутник V болобу – кеп анда эмес. Маанилүүсү, 2021-жыл коронавируска каршы эмдөөнүн жылы болуп, миллиондогон адамдар эмдөөдөн өтүп, буюрса биз жамааттык иммунитетке жакындашабыз. Ошондуктан, сабырдуу болуңуз - 2021-жыл толугу менен COVID-19га каршы күрөшүү менен өтөт.
Мен болгону, дүйнөлүк жана көпчүлүк өлкөлөрдүн экономикаларынын катарында, Кыргызстандын экономикасы да жаңы шарттарга көнүп, 2021-жылдын май айынан баштап ыкчам калыбына келе баштайт деп үмүттөнөм. Эртеби-кечпи, бурулуш учуру да келет. Бул тарабынан алганда - мен оптимистмин.
2. МЕН ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ИЧИНЕН АЛДЫҢКЫ ҮЧӨӨ КИМДЕР?
Бир караганда, Садыр Жапаровдун талапкерлигине альтернатива жоктой сезилет. Мисалы, сырттагы жарнамаларды жана жарнактарды алалы - эмнени көрүп турасыз? Тагыраагы, кимди көрүп жатасыздар? Жапаровго татыктуу альтернатива көрө албайсыз. Анын атаандаштары, шайлоо өнөктүгүн баштай электе эле, багынып бергендей болуп көрүнүүдө...
Мындай көрүнүш Жапаровдун штабына деле жага бербей турганына шек санабайм. Ким болсо деле, мелдешти атаандаштык менен жеңүүнү эңсейт. Бирок айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүгө акча жоктугун айтышууда. А бул болсо бир гана нерседен кабар берет - демек калк арасында чыныгы колдоосу жок жана алардын жеңишине ишенип, аларга каржылык жардам көрсөтө турган адамдары жок.
Талапкерлердин көпчүлүгү президенттик кызматты эмей эле, бир ишканадагы кампа башчысынын бош ордун ээлегенге аракет кылгандай таасир калтырып жатат ... Анда кантип жарандардын кол тамгаларын топтой алышты?
Ошентсе да, Жапаровдун татыктуу атаандаштары бар деп ойлойм. Биринчиден, Канат Исаев жана Бабыр Тольбаев. Бирок эгер менин оюмду билгиңиз келсе, мен Тольбаевди вице-президент катары көргүм келет, анткени ал Россиянын жана АКШнын эң алдыңкы университеттеринин бүтүрүүчүсү катары, англис жана француз тилдеринде сүйлөп, экономика жана каржы маселелерин биздин чет өлкөлүк өнөктөштөр менен чечип, инвестицияларды тартып турмак.
Ошондой эле, менин купулума толгондордун катарында Каныбек Иманалиев дагы бар. Анын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экендигин билбейм, бирок мен аны мамлекеттик катчы кызматына сунуштайт элем. Менин оюмча, ал тарыхчы катары тарыхый процессти түшүнөт. А бул нерсе бүгүнкү күндө саясатчы үчүн да, Кыргызстан үчүн да өтө маанилүү.
3. АДАХАН МАДУМАРОВ ТУУРАСЫНДА КАНДАЙ ОЙДОМУН? АЛ ПРЕЗИДЕНТ БОЛО АЛАБЫ?
Азыр Адахан Мадумаров үчүн баарынан кыйыныраак деп ойлойм. Бир жагынан, ал үлкөн саясий карьерасы бар тажрыйбалуу саясатчы. Бирок келгиле, экинчи тараптан карасак - ал эски формациянын адамы катары кабылданат жана лидерлерди жаңыртуу талабына жооп бербейт, ал мурда жогорку кызматтарда иштеп, ал тургай Мамлекеттик катчы жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы болгон. Бирок, ал өзүнүн жетишкендиктерин шайлоочуларга көрсөтө албайт. Бийликте болуп, ушул убакытка чейин эмне кылды, жөн эле жел уруп жүрдүбү?
Мен буга чейин дагы бир нече жолу айтып келгем жана дагы бир ирет кайталайм - Кыргызстанда саясатчыларга карта атайын талаптар болушу керек: эгерде сиз мамлекеттик кызматтагы милтеттериңизди аткара албаган болсоңуз, анда сиз үчүн саясатка же мамлекеттик кызматка кайтуучу жол жабык болушу керек. Ал эми Адахан Мадумаров болсо жогорудагыдай эмгек жолу менен өлкөдөгү эң жогорку кызматка умтулуп жатат...
Биз кайраттуулукту япондордон үйрөнүшүбүз керек - Японияда ийгиликсиз чиновниктер дароо кызматтан кетишет жана эч качан мамлекеттик кызматка кайтып келишпейт.
4. ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ЖЕҢИШКЕ ЭҢ ЖАКЫН ДЕП ЭСЕПТЕЛГЕН САДЫР ЖАПАРОВ ЖӨНҮНДӨ КАНДАЙ ОЙДОМУН?
Мен аны жакшылап карап, байкаштырып, жыйынтык чыгарып келе жатам. Менин оюмча, ал бардык президенттикке талапкерлердин ичинен эң популярдуусу, эгерде ал мамлекет башчысы болуп калса, анда ал сөзсүз түрдө элдик президент болот. Эмне үчүн? Себеби, ал мурункулардай болуп, башыбыздан өткөн советтик мезгилге тийишпейт жана партиялык бюрократия менен менменсинүүдөн алыс. Ошол эле учурда, аны айрымдарына өнөкөт болуп калган АКШнын жана Европа Биримдигинин гранттары жана Батыш демократиясынын идеялары кызыктырбайт. Мага ал, мурдагылар айткандай “жерге жакын” же элдик адамдай сезилет... Бул тарабынан ал эң чоң демократ.
Менин оюмча, Жапаров кыргызды өтө жакшы түшүнөт- анын каалоолорун жана тилектерин, күчтүү жана алсыз жактарын жакшы билет. Жана табигый акылы ага токтоолукту, сабырдуулукту жана адамдар менен мамиле кылууда кунт койуп көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Эгерде ошол эле Мадумаров менен салыштырып көрсөк, анда ал билимдүү чиновник, аткаминерлерден чыккан талапкер сыяктуу. Балким, ошондуктан ал үчүн карапайым эл аны кандай кабыл алганы маанилүү. Ал көбүнчө кызуу кандуулукка алдырып, демонстрациялык же кескин жүрүм-турумдун ээси. Бул жагынан алганда Жапаров өзүнө көбүрөөк ишенет.
Мен үчүн Жапаров - тубаса акылдын ээси, ал эми Мадумаров - акыл үйрөткүч, популист. Кимде акылмандык көбүрөөк? Менимче, “элге-жерге” жакыныраагында.
Алардын ортосунда дагы бир принципиалдуу айырмачылык бар: менин билишимче, Мадумаров нарда менен бильярддын күйөрманы. Бул эмнени билдирет? Ал дайыма өз бактысын сынап, а кээде ошого гана үмүт артып келет.
Дагы бир нерсе, угушумча Жапаров динге жакын адам жана күнүнө беш маал намаз окуйт. Ал өзүнө жана элине гана ишенет. Мен ар кандай медитация ыкмаларын көп жасагандыктан, эксперт катары белгилей кетейин: намаз момунду трансперсоналдык абалга сугарып, айланадагы дүйнө менен өзүңдү даана жана тереңирээк көрүү үчүн, намаз окуган адамдын аң-сезимин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Башкача айтканда, Мадумаров өзүмчүл, туруксуз, импульсивдүү жана тынчсызданган акыл-ойду чагылдырса, а Жапаровдун ой-акылы бир жерге уюган, токтоо жана тышкы дүйнөгө багытталган. Экинчи психикалык абал чындыкка жакын, а биринчиси - туңгуюкка алып барат. Анын үстүнө, бизде буга чейин эмоцияга бай акылдын жаркын өкүлү болгон - Аскар Акаевди мисал кылсак болот. Ал дагы “акылдуу” болчу, ар дайым локомотивдин алдынан чуркап, учурду шаштырып, иретсиз кыймыл-аракетин чыныгы иш катары көрсөтүп келген. Анын тагдырын жана өлкөнү эмнеге алып келгенин өзүңүз жакшы билесиз.
Кытай, Индия же Орусиянын лидерлери өздөрүн кандай алып жүргөнүнө көңүл буруңуздар. Алар өзүнүн жүрүм-турумунда эмоцияларга жол бербейт. Кээде алар кыймылсыз катып калгандай сезилет, а чынында туура кадам кылуу үчүн ыңгайлуу саамды күтүп жатышкан болот. Байкатпаганы менен, алар баарын угуп, көрүп эле туруп, өздөрүнүн саясатына ошол нерселердин таасир берүүсүнө жол беришпейт.
5. 2020 -ЖЫЛЫ БАШЫНАН ӨТКӨРГӨН НЕРСЕЛЕРДЕН КИЙИНКИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН КАНДАЙ КӨРӨСҮЗ?
Келечекти дайым жаркын түрдө элестетүү керек жана Кыргызстандын келечекте гүлдөп-өнүгө тургандыгы шексиз. Биз кылган натуура кадамдардын арасынан, талкаланган атарапты карап туруп, колубузда эгемендүүлүк турса да, 30 жыл бою эч нерседен майнап чыкпагандан кийин, биздин мамлекетибиз кандай болушу керектигин түшүнүүгө жакындап бараткандыгыбызды дагы деле көрүп турам.
Бул узак жолдун аягында албетте жарык болот, болгону бирок биз ага жетишибиз керек. Жөн эле жетүү максат эмес – ал үчүн ар бирибиз жана жалпыбыз катуу аракеттенип жана жан үрөп эмгек кылуубуз керек.
2020-жылдын негизги позитивдүү жыйынтыгы - бийликке таптакыр жаңы адамдардын, жаңы муундун келиши, алар советтик өтүмүшкө дагы, Батыштын идеалдарына дагы сугарылбагандар. Мени кубандырганы, Жапаров –Ташиев тандеми улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, Кыргызстандын эгемендигине жана улуттук сезимди жогорулатууда.
Өзүн сыйлаган ар бир өлкө лидери, биринчи кезекте, өз элинин кызыкчылыгын ойлойт, каада-салтын сыйлайт жана алар менен бир тилде сүйлөшөт. Мына ушунун өзү накта демократия - элиталардын элди башкаруусу эмес, эл өзүнүн бийлиган жүргүзүүсү. Ошондуктан, бул элдик саясатчыларга таш ыргытууга шашылбаңыздар. Аларга мүмкүнчүлүк бериңиздер!
6. ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖАЛПЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРГА ЭМНЕ КААЛАГЫМ КЕЛЕТ?
Кымбаттуу достор, мен сиздерге жана сиздердин жакындарыңызга бекем ден соолук каалайм, өзүңүзгө кызыктуу жумушка ээ болуңуз жана үйүңүзгө береке, өрнөктүү эмгек, момундук жана жакшы тилектериңиздин орундалышын тилейм!
Орусчадан которгон Шаирбек Маматокторов, Булак: “Майдан. kg” гезити