Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 183

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Чүй облусунда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору системалык түрдө пара алган фактыны аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол коопсуздугун тейлеген башкармалыктын кызматкерлери «Актилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда документтерди текшерүү шылтоосу менен туруктуу түрдө эл аралык жүк ташуу менен алектенген автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин акча алып турушкан. Бул өткөрмө бекеттен күнүгө 100дөн 200гө чейин автоунаалар өтүп турарын эске алганда, күн сайын эле алардын сол чөнтөгүнө канча “шабашка” түшүп турарын эсептей бериңиз.

24-декабрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын алкагында Чүй милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч инспектору - «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» кармалды. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 25-декабрда башкармалыктын жетекчиси, милициянын полковниги «Б.Ш.И.» да колго түшүрүлдү.

Негизи эле эл, өзгөчө айдоочулар жол коопсуздугун тейлеген инспекторлордун мамилесине көп нааразы болушууда. Анткени, булар “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айрым көчөлөргө камералар коюлгандыгына карабастан, андан бир аз эле алысыраак туруп алышып же жүрүп бараткан машинаны артынан кубалап жетип токтотуп, айдоочуларга болор-болбос шылтоо таап, маселе айланып келип эле, акчага такалууда.

Булак: “Майдан. kg” гезити