Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 125

Өмүрбек Текебаев бүгүнтөн баштап депутат эмес. Мындай пикирин активист, акын Темирлан Ормуков бүгүн, 25-декабрда “Фейсбук” баракчасына жазды. 

“Биринчи инстанциядагы административдик соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Текебаев бүгүнтөн баштап депутат эмес”, – деп билдирүү калтырган акын.

Буга чейин Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз мандат алган деген арыз менен Административдик сотко кайрылып, сот анын пайдасына чечим чыгарган.  

Булак: reporter.kg