-Эрнест мырза, референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө өткөнүнөн эмне утабыз?
-Референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө өткөнүнүн утушу чоң. Тагыраагы, биринчи бюджетке үнөм болот. Бир ок менен эки коён атып, бир күндө эки маанилүү иш бүткөрөбүз. Садыр Жапаров “Мен президент болсом ремонтко жарабай калган - мамлекеттик саясый түзүлүштү жана мамлекеттик башкаруу системасын эл каалагандай өзгөртөм” деп айткан. Кудай кааласа, 10-январда элдин турмушун оңдой турган жолго түшөбүз. Ошондой эле Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Референдумда башкаруунун кайсы түрүн каалайсың деп элден биринчи жолу суралат. Тагыраагы, референдумда кыргызстандыктарда тандоо болот. Ошондой эле мамлекет оор абалда турганда, шайлоо жана референдумдарды бир өткөрүү оптималдуу, жана рационалдуу болот деп ойлойм.
-Президенттикке ат салышкан талапкерлердин кимиси жеңишке жетет? Эл кимге көбүрөөк добуш берет деп ойлойсуз?
-Азыркы президенттик шайлоого кыргыздын менмин деген кыз- жигиттери катышып жатышат. Бардыгы элибизди, жерибизди коргойлу деп мамлекетибизди өнүктүрөлү деген ниетте шайлоого аттанышты. Талапкерлердин көбүн жакшы тааныйм. Бирок калың калк Садыр Жапаровдой эл уулун аябагандай сагынышыптыр. Ошондуктан, талапкерлердин арасынан элдин сүймөнчүлүгүнө айланган Садыр Жапаров алдыда. Элдин үмүтү, колдоосу Садыр Жапаровдо экени ачык эле байкалып калды. Ал “азыркы чириген байлар, жемкорлор башында болгон мамлекеттик саясый түзүлүштү талкалайм”- деди. Кыскасы, элдин жүрөгүн өйүп жүргөн бир канча маселени чечүүнүн жолдорун айтты. Башка талапкерлер мындай системалык маселелерди көтөрүшкөн да жок. Азыркы эле чириген мамлекеттик түзүлүш менен жана азыркы башкаруу система менен парламенттик шайлоо өткөрөлү, пайдасынан зыяны көп Баш мыйзам менен эле жашообузду оңдойбуз деп жатышат. Бул нерсе системалык, фундаменталдык чоң катачылык деп эсептейм. Анткени, бийликке кандай акылдуу жана билимдүү, таза адам келсе дагы, азыркы түзүлүш, башкаруу система менен өлкөбүздө адилеттүүлүктү жана өнүгүүнү орното албайбыз. Ошон үчүн жаңы жашоого багыт алабыз деген максатта иш кылып жаткан Садыр Жапаровго ишеним артылып,эл жапырт колдоого алып жатышат.
-Садыр Жапаров менен жолугушууга элдин көп келгенин кандай кабыл алдыңыз?
-Садыр Жапаровдун президенттикке талапкер катары эл менен жолугушууларын интернеттен көрүп жатам. Сиз айткандай эле, калың эл колдоп-коштоп жатат. Жолугушууга элдин көп келишинин бир нече себеби бар. Биринчиси, карапайым эл чоң үмүт, жакшы ниет менен Садыр мырзаны октябрда түрмөдөн чыгарып, өкмөттүн башына алып келип, убактылуу президенттик кызматка койду. Экинчиси, аз убакыт өтсө да, натыйжалуу иштерди жасап, көп маселени маалкатпай бир заматта чечип салды. Элдин ишенимине ээ болгонунун негизги себеби дагы ошол чечкиндүүлүгү болду. Үчүнчүсү, эл менен жолугушууда жөнөкөй болуп, жасалмасы жок, чын дилден сүйлөшүп жатат. Элге жакындыгы да ага болгон элдин ишенимин жогорулатты. Төртүнчүсү, акыйкатсыздыкка кабылган жарандар адилеттикти күтүп жолугушууга келип жатышат. Анткени, Садыр мырза дагы акыйкатсыздыкка кабылган. Бешинчиси, биздин калк Садыр Жапаровдун артыкчылыгын жүрөгү менен сезип, чын дилинен колдошууда.
-Президенттикке талапкерлердин кандай артыкчылыгына басым коюу зарыл деп ойлойсуз?
-Менимче, эл талапкердин көз карашынын кеңдигине, маселени чечүүнүн жолун айтканына карап добуш беришсе керек. Себеби, көпчүлүк талапкерлер көз караштарынын тар экенин көрсөтүп жатышат. Эл бул сапар эч нерсеге алданбайт. Тагыраагы, ким майдаланбай, жалпы элдин камын көрөм десе, ынтымакка чакырып, сабырдуулук менен кыргыз элин - дүйнөгө таанытам деген талапкерлерге добушун берет. Кыргызстандын эли тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, татыктуу, акылдуу, адилеттүү, туруктуу жана ишенимдүү өлкөнүн Президентин шайлап алат деп ишенем.
-Айрымдар талапкерлердин арасында эл бузарлар да жүрөт деп кооптонушууда. Чын эле элдин тынчтыгын бузуп, саясатты башка нукка бурам дегендер дагы барбы?
-Андай максатты көздөгөн талапкерлер дагы бар. Алар элдик кишидей таасир калтырабыз деп жалындуу сөздөрдү сүйлөшкөнү менен алардын ким экенин эл жакшы билет. Кыскасы, талапкерлердин арасында башка мамлекеттин кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөндөр да бар. Алар 30 жылдан бери чоң державалардын Кыргызстанга болгон таасирин көбөйтүүнүн саясатын жүргүзүштү. Мындан ары Кыргызстандын ички ишине башка мамлекеттер кийлигише албай тургандай кылышыбыз керек. Ошондой эле элдин тынчтыгын бузуп, саясатты башка нукка бурам дегендерди мыйзам чегинде жоопко тартып, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирбегидей мыйзамдарды иштеп чыгышыбыз керек.
-Президенттикке талапкер болсом, кол тийбестикке ээ болуп, кылмыш иши козголбой калат деген да талапкерлер бар дешет. Буга не дейсиз?
-Андайлар да бар. Көп жыл бою чоң кызматтарда отуруп, ири кылмыштарды жасаган адамдар президенттикке талапкер болуп, каттоодон өтүп алышкан. Бирок бул ыкма аларга жардам бербейт. Канчалык жандалбасташса дагы баары бир жоопко тартылышат. Элдин каргышы аларга уйку бербейт. Анткени, каргыш тукум кууйт дейт кыргызда. Көбү ушуну түшүнүшпөй жүрөт. Коррупционерлер, элдин ырыскысын уурдагандар өздөрүн ойлобосо да, жок дегенде балдарын, тукумун ойлошсо ыплас иштерге аралашуудан алыс болушмак.
Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити