Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 125

Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өзүнүн бул кызматта иштеп турганда кетирген күнөөсүн моюнуна алып, убада кылган акчаны мамлекетке толук төлөп берди. Мындай маалыматты бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.

К. Ташиевдин айтуусунда, Р.Матраимов кызмат абалынан пайдаланып, кетирген кемчиликтерин моюнга алып, тергөө менен кызматташкан жана бул схемага аралашкан башка да адамдардын кылмышынын бетин ачууга жардам берген.

Р. Матраимов аталган сумманын  1 миллиард 400 миллион сомун накталай акча түрүндө, калганын бир соода үйүн жана тогуз батирин мамлекеттин эсебине өткөрүп берип төлөгөн.

Соода борбору мамлекетке өткөрүлүп, сегиз батир атайын кызматтын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө же башка социалдык мекемеге берилмекчи.

Ошондой эле К. Ташиев Матраимовдун айыбы боюнча маанилүү жана четке кагылгыс далилдер табылганын билдирип, жакынкы күндөрү бул иштер сотко өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

Мурда маалымдалгандай, Р. Матраимов УКМК тарабынан 20-октябрда кармалып, ошол эле күнү мамлекетке 2 млрд. сом төлөп берүү кепилдиги менен эркиндикке чыгарылган болчу.