Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 362

Интерфакс-Украина тарабынан жарыяланган дүйнөдөгү мыкты саясатчылардын рейтингинде Садыр Жапаров маанилүү орунду ээледи. Рейтингди эл аралык саясат таануучу Антон Ровенский түзгөнүн белгилей кетели. 

Жылдын мыкты саясатчыларынын топ-10дугуна Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Индиядан Нарендра Моди, Кытайдан Си Цзиньпин, АКШдан Камала Харрис, Венгриядан Виктор Орбан, Кыргызстандан Садыр Жапаров, Литвадан Ингрида Шимоните, Молдовадан Майя Санду, Боливиядан Луис Арсе кирген. 

"Жылдын ийгиликсиз саясатчысы" номинациясына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ээ болгон. Анын себеби "Армениянын Азербейжан менен болгон куралдуу кагылышууда жеңилип калышы расмий Ереванды олуттуу ички саясий кризиске кептеди. Жыйынтыгында, Никол Пашинянди бийликтен четтетүү принциптин эмес, убакыттын иши болду. Алдыда Пашинян бийликти колдон жулдургандан кийинки кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн саясий эмиграцияга кетиши да мүмкүн" деп түшүндүрүлгөн. 

Андан тышкары, жылдын дагы тогуз "ийгиликсиз саясатчылары" бар, алар: Игорь Додон (Молдова), Александр Лукашенко (Беларуссия), Эммануэль Макрон (Франция), Урсула фон дер Ляйен (ЕС), Ярослав Качиньский (Польша), Мило Джуканович (Черногория), Хашим Тачи (Косово), Биньямин Нетаньяху (Израиль), Халифа Хафтар (Ливия).