Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 164

Ушинтип ойлоого аргасыз болуп турабыз. Президенттик шайлоого чейин 3 фавориттин бири болот деп эсептелген Канат Исаевдин шайлоодогу үгүт иштери байкалбайт. Башын кумга катып алган тѳѳ куштай эле үн чыгарбайт. Бизге жеткен маалыматтарга ишенсек, ал шайлоо штабын кескин кыскартып, рекламалык компаниялар менен түзүлгѳн келишимдерди бузуп, шайлоо кампаниясына жумшалчу чыгымдардын суммасын азайтыптыр. Демек, мындай  аракети менен ал шайлоого жеңиш үчүн эмес, формалдуулук үчүн гана катыша турганын кыйыткандай болду.   Ага эмне себеп болгондугу азырынча белгисиз. Айтымда, бийлик тарап ага таасир этүүнүн рычагын таап, анын «канаты» кайрылды дешет. Бирок чын эле ошондойбу? Аны шайлоо ѳнѳктүгүнѳн четтеткиси келсе, ал талапкер болуп катталганга чейин эле эбин табышмак. Себеп башкада эмеспи? Балким, анык фаворит Садыр Жапаров экенин, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жоктугун түшүнгѳн Канат Исаев жѳн гана убара тартып, чыгым болгусу келбегендир…

Ѳзүнѳ, шайлоо штабына байланыштуу айтылган имиш кептер боюнча Канат Исаев комментарий берди. Ал айтылган, жазылган маалыматтар чындыкка коошпостугун, шайлоого катышып жатканын айтты. Бирок анын мындай билдирүүсү негедир кѳпчүлүктѳ  ишеним жараткан жок.

Булак: “Майдан. kg” гезити