Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 163

Азыркы президенттик шайлоонун фаворити Садыр Жапаров менен жолугушууга эл аябай эле көп келип, ар кандай суроолорду беришүүдө. Чынын айтыш керек, биз азыркыдай кыйын кезекте шайлоочулардын андай активдүүлүк көрсөтөрүн  күткөн эмеспиз. Анын ошондой жолугушуулардын бириндеги суроого жооп иретинде элди, өзүнүн кичи мекениндегилерди бардык талапкерлерге сый-урмат, адамгерчилик  менен мамиле жасап, саясый, инсандык көз караштарына карабастан баарын жакшылап кабыл алып, жакшылап узатып, өздөрүнүн позицияларын, чечимдерин добуш берүүдө гана билдирүүгө чакырганы, биздин оюбузча, жакшы көрүнүш. Ал буга чейин өз сөздөрүндө түз же кыйыр түрдө бир да атаандашын сындабады, жамандабады, бул багыттагы айрым провокациялык суроолорго жөн эле жооп бербей коюуда. Бул жагынан андан калган атаандаштары үлгү алышса болот. Социалдык тармактарда  ар кандай полярдык карама-каршылыктагы нерселер айтыла, жазыла берет, аларды көзөмөлдөп, теске салганга  болбойт. Бирок атаандаштар  жолугушууларда, дебаттарда тагдыр чечүүчү маселелер боюнча гана талашып-тартышса болот, ал эми майда нерселерде деле кинээлешип, примитивдүү ушак-айыңдардын  деңгээлине түшүп кеткенден алыс болуулары зарыл. Анткени, ал талапкердин  өз  имиджине, кадыр-баркына гана доо кетирет. Атаандаштар муну үгүт иштеринин жүрүшүндө гана эмес, теледебаттарда да эске алуулары керек. Талапкерлер максаттарын, пландарын айтышсын, принципиалдуу маселелер боюнча позицияларын, көз караштарын билдиришсин, эл аларды угуп, таразалап көрүп, калганын өздөрү чечишет. Мында сөзсүз  алардын ага чейинки аткаргандары, жасагандары, инсандык сапаттары, чечендиктери, харизмалары  да шайлоочулар тарабынан эске алынары айтпаса да түшүнүктүү.

Үгүт кампаниясы башталгандын  эртеси эле  экинчи бир фаворит Адахан Мадумаров: “Мен үгүт кампаниямды касиеттүү  Көл  жергесинен баштайын десем, айрым жаш жигиттер менин ишенимдүү адамдарымды коркутуп, ким эгерде мен үчүн иштесе үйлөрүн өрттөп, өздөрүн сабайбыз дешкенинен ал максатым үзгүлтүккө учурады”, - деген мааниде билдирүү таркаткан. Ал маселе  боюнча азырынча бир  нерсе дегибиз келбейт, ал  тийиштүү органдар тарабынан текшерилип  териштирилүүдө, анын  канчалык деңгээлде чындыкка ылайык келери жөнүндө да азырынча маалыматыбыз жок. Бирок андай көрүнүштөр  орун алса  жалпы эле шайлоо кампаниясынын  гана кадырын кетирбестен  андай адамдар  жакташкан конкреттүү талапкердин өзүнө да терс таасирин тийгизерин, айрымдар бирөөлөргө  ылымсынып, жакынсынып чектен чыккан иштерге барып, өзү жактаганга аюунукундай кызмат көрсөтө койгондон  сактануулары  керек.

Акаев менен Бакиевди келтирсе болобу?

Садыр Жапаров мурдатан чечкиндүү, шар кетме, ошол эле мезгилде айкөлдүк жактары бар  адамдардан экендигин жакшы билебиз. Маселен, өзүнө аябагандай ыдык көрсөткөн АШАга өтө күйүмдүү мамиле жасоодо. Аны зонадан УКМКнын ИВСине котортту. Эгерде президент болуп шайланса, ага ырайым кылышы ыктымал деген сөздөр да айтылууда. Мына ошондой жолугушуулардын биринде  “эгерде элдин көпчүлүгү колдосо, Акаев менен Бакиевди мекенине  алып келгенге” даяр экендигин да билдирди.

Акаев менен Бакиев ага макул болушабы, келишсе алардын коопсуздуктары үчүн ким жооп берет, ал өзүнчө маселе. Бирок шайлоо алдында андай билдирүү жасаганы С.Жапаровдун  кайратка кошо эрки  да күчтүүлүгүн айгинелейт. Чындыгында адам кандай күнөө кылбасын, аны оппоненттери эмнелер менен айыпташпасын, ар кандай адамдын өзү туулуп-өскөн жерине келгенге  укугу бар.

У.Черчиллдин  айтуусу боюнча, мурдагы  Союзга Н.Хрущевдей зыян келтирген эч ким болгон эмес. Совет бийлигинин №1 душманы У.Черчилль  жакындары менен отурганда: “Мени  №1 антисоветчил дейсиңер,  коммунист Хрущев советтерге менден 100 эсе көп зыян келтирди, кана, анын ден соолугу үчүн ичип коёлу”,- деген экен.  Мамлекеттик башкарууну башаламан кылып, экономикалык кылмыштар үчүн өлүм жазаларын күчөтүп,  миңдеген адамдардын убалына калып, Новочеркескидеги элди аттырып, 3-дүйнөлүк согушту баштап жибере жаздаган  Хрущев шерменде болуп кызматынан куулган менен Союздагы персоналдык пенсиядан, артыкчылыктардан пайдаланып жүрүп  өз ажалы  менен өлдү. Союзду таркаткан М.Горбачев азыр деле ардактуу пенсионер. Компартиянын мүлктөрүн күч менен тартып алып, парламентин танкалар, замбиректер жана тик учактар менен аткылап таркатып (150дөн ашык адам өлгөн), Чечен согушун баштап, 100  миңдей адамды набыт кылган (анын бийлигинин убагында россиялыктар 15 миллионго азайган)   Б.Ельцин деле башынан бир тал чачы түшпөй экстик укуктардан ажыратылбай, чет өлкөлөргө чыкса персоналдуу самолётторду пайдаланып жүрүп өттү. Кыздары, неберелери миллионерлерге айланышты.  Мүмкүн, биз деле качкын мамлекет башчыларыбызга жасаган мамилелерибизди  кайра карап, цивилдүү, гумандуу  дүйнөнүн стандарттарына ылайык иш кылуубуз керектир? Же алардын күнөөлөрү Хрущев менен Ельциндикинен да көппү?

Ар кандай кинелерди айтсак, ойлорубузга келгендин баарын жабыштырсак да жогорудагыларды ырастаганга негиз жок экендигин ким деле болсо көрүп турат. Бир сөз менен айтканда, С.Жапаровдун сунушунда  ойлондурарлык нерселер бар. Ким кандай айыпталса да, ар кандай жарандын өзү туулуп-өскөн жерге келип өлгөнгө укугу бар. Ал улуу жараткан берген укук, жарыкчылыкта жараткандан укук талашкандан өткөн оор күнөө жок.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити