Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 165

Фейсбук социалдык тармагынын Айтмырза Абылкасымов аттуу колдонуучусу президенттик шайлоодон кийинки өлкөнүн абалына тынчсызданган. Ал ар бир шайлоолорду коштоочу ызы-чууну кайра да орун алышы мүмкүндүгүн белгилеген:

"Ошентип, 2021-жылдын 10-январы күнү президенттик орунга ат салышкандарды шайлоо болот. Анан Жараткан колдоп, эл көп добуш берген бир талапкер шайланат. Ошондон соң эле тынч ошол инсанга баш ийип, жашап калабызбы, же дагы баягы адатыбызды карматып:

1. "Таза шайлоо болбоду!"

2. "Бийликтин ресурсу колдонулду!"

3. "Добуштар сатылды!"

4. "Бюллетендер уурдалды!"

5. "Мен муну президент деп тааныбайм!"

жана башка, ушул сыяктуу куру кыйкырык менен ураалап жумушту, тиричиликти таштап, арзыбаган акчага алданып көчөлөп жүрө беребизби же акылга келебизби?

Же биздин өнүгүп кетишибизге эмгектенип чеке тердеткенден ушинтип жашоо ыңгайлуу жана пайдалуубу?

Мага ушу жагы табышмак!"