Эки аяктуу пенде, айрыкча кыргыз баласы Жерди ыйык тутуп, кадырлап, кастарлап келген. Бекеринен мекенди атага, жерди энеге теңебеген чыгаар. Киндик кан тамган жериң деген кептин артында эле канча маани жатат. Өткөнгө саресеп салсак, эл бийлеген эчен эрен канжыгага башын байлап, жерибиздин бүтүндүгүн, элибиздин эркиндигин коргоп өмүрүн бергени тарых тактасында кашкая жазылуу. Ошол эле тарых тактасында бабаларыбыз каны-жанын берип, бизге аманатка кылган жерди өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн сатып жиберген “жер сатарлардын” да ысымы кездешет.
Алыс барбай эле, эгемендикке ээ болгон 30 жыл аралыгында бийлик башындагы билермандар 2 ирет кыргыз жерин кертип, сатып жиберүүгө жетишкен. Алгач, АкаевҮзөңгү-Куушту Кытайга берсе, андан кийин бийликке келген Бакиев Каркыра жайлоосун казактарга кармата берген. Андан тышкары, чечилбеген чек аранын айынан өзбек тарапка өтүп кеткен жерлер да бар.
Аскар Акаевдин демилгеси менен Кытайга өтүп кеткен Үзөңгү-Кууш үчүн Кыргызстан Хан-Теңири чокусунан, Эңилчектүбөлүк мөңгү массивинен, Жаңы-Жер аймагынан (Сары-Жаз дарыясынын жээктери), Боз-Айгыр–Ак-Жээктен (Какшаал дарыясынын жээги) жалпы аянты 358 миң 71 чарчы чакырым жеринен, анын ичинде 90 миң гектарга жакын жайыттан кол жууган. Акаевдин бийлигинин кулашына бирден-бир себеп болгон Аксы окуясы ушундан улам от алып, ажолук тактыдан кубаланган.
Андан соң бийликке келген Бакиев өткөндөн сабак албастан, Акаевдин чапкан арыгы менен акты. Курманбек Бакиев бийлик башында турганда Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жана Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жерибизден кол жууганбыз. Коомчулуктун катуу каршылыгына карабастан, Бакиев бийлиги Каркыраны казактарга карматып тынган. Ошол кезде Түп элинин колдоосу менен шайланган Жогорку Кеңештин III чакырылышына депутаты Садыр Жапаров бийликтин бул чечимине каршы чыгып, Каркыранын казактарга берилишине катуу жолтоо болгон. Садыр Жапаров III чакырылыштын депутаттарын өз демилгеси менен Каркырага чакырып, боз үйүн тигип, жылкысын союп, тамак-ашын камдап, коноктоп, Каркыра жайлоосунун коён-жатагына чейин кыдыртып, тааныштырган.Андан тышкары Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо аксакал өлкө аймагындагы болгон санжырачылардын башын бириктирип, Каркырада кыргыздын санжырасын сүрүштүргөн. Кооз табияты, жан эргиткен жаратылышы бар Каркыра жайлоосу мененжакындан таанышкан эл өкүлдөрү маселени жөнгө саалуучу мыйзамды 2 жыл бою ратификациядан өткөрүшкөн эмес. Кийин, III чакырылышты таратып жиберген Курманбек Бакиев IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын, айрыкча “Ак-Жол” партиясынын көмөгү менен мыйзамды ратификаялап, ошонун жыйынтыгында Каркыра казактарга берилген. Калк арасында "жерсаткан оңбойт" деген сөзү төгүн эмес экен. Бакиев да Акаевдин таз кейпин кийип, куйругунтүйүп, өз элине батпай, өзгөдөн калканыч издеп качууга мажбур болду.
30 жылдан бери оорчулукту да, жокчулукту да керт башы менен тартып, жону менен көтөргөн кыргыздардын бийлик башына келген билермандарга болгон ишеними түп тамырынан жоголду. Швецарияга айланабыз деген Акаевдин кыйкырыгынан башталган куру убадалардын жыйынытыгы миллиондогон мекендешибизди мигрантка айлантып, мамлекетти миллиардаган доллар карызга батырды. Жерибиз тарып, элибиз тентип, кен байлыктарыбыз таланып, болгону бир ууч гана топ элдин эсебинен эсепсиз байып келди. Октябрь окуяларынан кийин элдин демилгеси менен бийликке келген Садыр Жапаровду саясаттагы оппоненттери жаман көрсөтүү максатында, Кытайга болгон карыздын ордуна жер берет деген куру жалаа менен каралоого аракеттеништи. Бул, эптеп эле Садыр Жапаровду элге жаман көрсөтүп, анын кадыр-баркын төмөн түшүрүү максатында ойлонулган иш болгон.
Коомчулук үчүн бүдөмүк болуп, күмөн жаратып жаткан Кытай тышкы карыз үчүн Жетим-Тоо баштаган Кыргызстандын жерлерин тартып алабы деген суроого эч ойлонбостон так кесе жок деп жооп берген Садыр Жапаров тоо түгүл тоголок таш бербесин баса белгиледи. Кыргыздын жери, тоо-ташы, мөңгүсү, дарыясы, кум-ташы, табияты үчүн тикесинен тик туруп, чыркырап чындыкты айтып, сунушталган миллиондордон баш тартып, жыйынтыгында саясий туткунга айланып, темир тордо жаткан үч жылдан ашуун убакытта Садыр Жапаров эң баалуу эркиндиген, алдейлеп баккан энесинен, ардактап баккан атасынан, бапестеп баккан баласынан айрылды. Ошого карабастан тикесинен тик туруп, беттегенин бербей, айтканынан танбай, акырына чейин акыйкаттыкты, калыстыкты талап кылып турду.