Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 189

Кыргызстандын болочок Президентинин көп вазийпасы турат. Бирок биринчи ирээтте 2 нерсе маанилүү!

1. Мамлекеттик башкаруудагы темирдей тартипти, ырааттулукту, системаны орнотуу. Мунсуз бир дагы проект, сунуш, ниет ишке ашпайт, куру сөз бойдон кала берет!

2. Ыплас, мамлекеттик бюджетке кол салган, элдин ырыскысын жеген адамдарга каршы аёосуз, системдүү, эффективдүү күрөштү жарыялап, аны өзү жетектөө, башкаруу! Бул нерсе болсо гана, бул багытта иш башталса гана эл ишенет жана колдойт!

Ушул 2 нерсе гана калган маанилүү иштерге жол ачат! Алар кардиналдуу экономикалык реформалар, бизнести колдоо, социалдык чөйрөнү өзгөртүү, мыйзамдуулукту жана адам укуктарын камсыз кылуу жана башка маанилүү кадамдар...

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу