Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 183

Кечээ эле эркиндикке чыгуу көздөрүнөн  учуп, кылган кылмыштары үчүн темир тор артында жаза мөөнөтүн өтөөгө моралдык жактан даярданып, атүгүл Батукаев иши боюнча күнөөсүн да мойнуна алып ийгенге үлгүргөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурда  үй камагына чыгууга шымаланып, кадырын  салганга өткөн көрүнөт. Дегенибиз, аз күн мурда ал жаткан №47 колонияга  кечээ эле президенттикке талапкер болгондордун бири, убагында андан  колтийбестикти алууну  колдогон депутат  жылкынын  туш этин алып барып, алдынан өтүүгө аракет кылыптыр. Бирок ЖК депутаты Ирина Карамушкина билдиргендей, Атамбаев «мени өтө эле кеч колдогонго өттү» деп, туш этти албай, кадырын салыптыр. Мурдагы президенттин кимдерге кандай мамилеси болот, кимге кек сактайт, кимди кечирет, ал өзүнүн гана жекече иши.

Бирок биздин айтайын дегенибиз,  мурдагы президент Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча сөз болбошу керек. Биз бул боюнча буга чейин да жазганбыз, мындан ары да жаза беребиз. Ал  кыргыз элине кылган кылмыштары, кыянатчылыктары үчүн мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек. Атамбаевдей оор кылмыш жасагандар кечээги бийликте камалып, андан кийинки бийликтин тушунда жазадан кутулуп кете бере турган болсо, анда кылым аферасын ишке ашыргандар, кыянатчылык кылгандар мындан ары да боло берет.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити