Орустардын “ мужик сказал, мужик сделал” деген кеби бар эмеспи. Мындай баага бир гана Камчыбек Ташиевди татыктуу десек болчудай. Калган өмүрүмдү элиме арнайм”, "Элимдин кызыкчылыгы үчүн ар кандай тоскоолдуктарды жеңебиз. Кудай буюрса, Кыргызстанда жемкорлорлукту түп тамырынан жок кылмайынча токтобоймун..." деген Камчыбек Кыдыршаевич алгач эле Өзбекстан менен болгон чек ара чырына чекит коюп, маселени чече тургандыгын убадалаган. Эркек айтпайт, айтса кайтпайт дегендей, чыныгы мырзалык асыл сапаттарга эгедер УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич айткан кебине туруп, чек араны аныктоого жана тактоого билек түрө киришти. Киришти дегенибиз ооруп, жаңы гана жакшы болуп келе жатканына карабай кечээ өзбек тараптан келген делегаттар менен жолукту. Бир топ маселелер талкууланды. Чек ара кызматы УКМКгы кошулганда бир кубансак, эми К.Ташиевдин аракетин карап отуруп бир кубанып жатабыз. Анткени анын колунан бул келет деп турабыз. Башкасын айтпай эле коеюн Ош окуясында жанын, кара башын аягын эмес. Эр жигит, шер жигит. Кыргыздын бактысына Кудай өмүрун берсин! УКМК деген өлкөдогү маанилүү кызматты жетектөөго келди. Эми ошол чек ара көйгөйүнө кошуп, Текебаев, Отунбаева, Иманалиев, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Кулов сыяктуу бир катар коррупционерлердин жашоосун, байлыгын иликтеп, алардын да чек арасын тактап берсе деген ой.