Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 170

Америка Кошмо Штаттарынын финансы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы орунбасары, ысымы бир канча жылдардан бери жоболоңдордон арылбаган Райымбек Матраимовго карата  санкция киргизди. Же Р.Матраимовдун чуусу эл аралык маселеге айланды. Эгерде  Кыргызстандын мурдагы бийликтери анын финансылык  мыйзамсыз империясын демонтаждоону мурдатан колго алышканда, ал азыркыдай абалга жетмек эмес. Бирок айрымдар ар кандай себептерден улам ага жакшылык  менен артык кылабыз деп жүрүп, тыртык кылып салышты.

“Кыргызстандын Бажы кызматынын  төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажылык схемалар аркылуу Кыргызстандан 700 миллионго жакын долларды алып чыгып кеткен - деп айтылат АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык документинде,-  Ал өз кызмат абалын пайдалануу менен тийиштүү компаниялардын товарлары КРнын чек араларынан тоскоолдуксуз өтүп туруусун камсыз кылган. Матраимов ал фирмалардан параларды жыйнап турууга жооп берген.

Мындан сырткары, ал  компанияга курьерлер аркылуу Кыргызстанга ири суммалардагы нак акчалардын аткезчилик жол менен киргизилип, чыгарылып туруусуна жардам берген. Аэропорттордо  ал курьерлерди укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кармашса, алар Матраимовго шылтап кутулуп жүрүшкөн. Матраимов бул схемага аркылуу да жүздөгөн миллион долларларды  алып турган”.

Бул санкцияга ылайык, Матраимовдун АКШнын Өкмөтүнүн колу жеткен жерлердеги  мүлктөрүнө, акчаларына, ага 50 пайыздан ашыгы таандык болгон обьектилердин бардыгына чектөөлөр киргизилип, операцияларга тыюу салынат. Эң негизгиси, мындан ары Матраимов АКШнын жана анын шериктештеринин башка атайын кызматтарынын да дыкат көзөмөлүндө болот. Эгерде ал чет өлкөлөргө чыкса, камакка алынышы да мүмкүн.

 

Т.Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити