Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 138

-Курманбек агай, талкууга алынып жаткан Конституцияда президенттин укуктары жогорулап, парламенттин укуктары азайды деп кейигендер көп. Чын эле жаңы Конституцияда бийликти бир колго чогултуу аракети жогорубу?

-Бизде дээрлик бардык эле жарандарыбыз  мамлекеттик функциялар менен мамлекеттик кызмат адамдардын ыйгарым укуктарын, органдардын ыйгарым укуктарын алмаштырып алып жүрөт. Ал эми мамлекеттин функциясы деген  мамлекетке тиешелүү иш чараларды кандайдыр бир орган же кызмат адамы аткарышы керек. Биздин учурду ала турган болсок, парламенттин мурдагы функциялары калат. Президентке мамлекеттин айрым функциялары  берилип жатат. Мисалы, жаңы Конституцияда президент аткаруу бийлигине башчылык кыла турган болуп жатат. Ошого  байланыштуу анын функциясы көбөйүүдө. Функциясы менен кошо албетте, ыйгарым укуктары да   көбөйөт. Бирок бийликти бир колго топтоп жатат деп сындаганыбыз да орунсуз болуп калат. Себеби, бизде элдин көпчүлүгү  президенттик башкаруу болсун деп жатышат. Демек, президенттик башкаруу болгондо президент аткара турган функциялар да көбөйөт. Президенттин ыйгарым укуктары да кеңейет.

-1993-жылкы Конституцияга кайтып баралы дегендер да көп. Азыр ал Конституцияга кайра баруунун зарылчылыгы барбы?

-1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек эле баары орду ордуна келбейт. Тагыраагы, ал Конституцияга кайра кайтып келүү мүмкүн эмес. Анткени, андан бери бир топ өнүгүү, өсүү болду. Болгону, 1993-жылкы Конституциядан мамлекетке тиешелүү  айрым нормаларын алсак болот. Мисалы, эки палаталуу парламентти  жана бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү принциптерин алсак болот. Тагыраагы, жаңы Конституцияга 1993-жылкы Конституциянын айрым нормаларын имплементация кылып,  жакындаштырып алып кошуп койсок ашыкча болбойт.

 

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити