Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 140

Михаил Саакашвилини кимдер билбейт. Грузиянын мурдагы президенти. Бийликте турган маалда Грузияда экономикалык ири реформаларды ишке ашырып, коррупциянын тамырын кыркуу, мамлекеттик органдардын иштерин ачык-айкын кылуу, санариптештирүү жаатында зор ийгиликтерди жараткан адам. Мына ошол Михаил Саакашвили Кыргызстанда реформаларды жүргүзүү жаатында эксперттик жана методологиялык жактан жардам берүүгө даярдыгын билдирди. Бул туурасында аны менен жолугуп сүйлөшкөн кыргыз ишкери Жапар Усенов маалымдады.

Кыргыз бийлик башындагылар мындай сунушту кабыл алышып, Миша байкенин кеп-кеңешин угушабы, жокпу, аны айта албайбыз. Бирок кыска убакыттын ичинде Грузияда чоң өзгөрүүлөрдү жасоого жетишкен реформатор саясатчы менен иштешсе, андан утуш гана алышмак. Керек болсо келечекте шайланчу президент М. Саакашвилини кеңешчи кылып алса неге болбосун. Албетте, болот. Маселенин баары, болочоктогу мамлекет башчынын чындап реформа жүргүзүп, ал үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдаланууга даяр экендигине жараша болот го.

Булак: «Майдан.kg» гезити