Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 345

Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Камил Осмоналиевдин камалышы коррупциялашкан сот системасы менен күрөштүн бир эле чырпыгы. Ошентсе да бул ишти акыркы революциядан кийинки бийликтин жаңы демилгелеринин – сот системасын реалдуу реформалоонун башталышы катары караса болот.

Камил Осмоналиев өзү мурда жалпыга маалымдоо каражаттарына сот реформасы боюнча эксперт катары чыгып жүргөн эле. 2011-жылы ал коррупция менен кантип натыйжалуу күрөшүү боюнча кеп-кеңештерин айтып жүрчү. Ал: “Баарын өзүңөн баштоо керек. Эч кимге пара бербегиле, ошондо силердин ишиңер баарыбир мыйзам чегинде караларына ишенесиңер, - деп мамлекетттик басылмалардын бирине берген маегинде белгилеген.

Ошону менен катар Осмоналиев сот системасын реформалоого болгон мурдагы аракеттердин эмне себептен ишке ашпай калгандыгына да түшүндүрмө берген. Анын пикири боюнча, бардыгына “бийликти бөлүштүрүү принцибинин бузулушу” себеп болгон. Башкача айтканда, маселе судьяларда эмес. Маселе ошол кездеги акаевдик жана бакиевдик үй-бүлөлүк-кландык режимдердин сотторду көз каранды кылып алып, алардын таза иштөөсүнө тоскоол болгондугунда.
Бирок акаевдик, бакиевдик режимдердин таасири Камил Осмоналиевге эч кандай тоскоолдук жараткан эмес.

Тескерисинче, Курманбек Бакиевдин тушунда бул судьянын карьерасы абдан ийгиликтүү өскөн. 2000-2001-жылдары Камиль Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде бөлүм башчы болуп иштеген, андан соң Жалал-Абад облусунда карьера жасап, 2009-жылга чейин алгач жергиликтүү Арбитраждык соттун судьясы, кийин облустук соттун судьясы жана облустук соттун төрагасынын орун басары кызматын ээлеген. Андан кийин анын карьерасы чагылгандай ыкчамдык менен асмандап, облустук соттун төрагасынын орун басары кызматынан түптүз эле республиканын Жогорку Сотунун судьялыгына шап этип отуруп калган. 

Осмоналиев өлкөнү башкарган жогорку кызмат адамдарына ийилип бергенби? Же ошол кездеги бийлик белгисиз себептер менен таза адамды сот системасынын жогорку чөйрөсүндө кармап турууну чечкенби?

Кандай болгон күндө дагы бул судья дал ошол Бакиевдин учурунда көтөрүлгөн. Анткен менен Апрель революциясынан кийин ал кландын мүлктөрү менен байланыштуу иштерге төрагалык кылган. Маселен, “Кристалл” ААКсынын банкрот болушунун мыйзамдуулугу тууралуу иш боюнча. Өткөн жылы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аталган ишканада Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) жетекчисинин мурдагы орун басары Алексей Елисеевдин жана КР Экономика министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменттин жетекчилеринин активдери болгондугун аныкташкан эле. Аталган ишканага атайын башкаруу киргизүүнү жол-жоболоштуруу маалында анын пайдасына 120 млн сомдон ашуун каражатты алып чыгып кетүүгө аракет жасалган. 
Азыркы тапта “Камил Осмоналиев сыяктуу таза” болуу карьера үчүн оңтойлуу гана эмес, абдан эле пайдалуу экени ачыкталып отурат. Осмоналиевдин укмуштуудай үйү, коммерциялык объектилери жана кымбат-кымбат машинелери бар экени белгилүү болду. 

Бул байлыктар кайдан келди? Ушунун баарына судьянын айлык маянасы менен жетүүгө болобу? Албетте жок, мындай көз жоосун алган байлыктар таза мээнет кылып табылган акчалар менен алынбагандыгы ачык эле көрүнүп турат. Камил Осмоналиев сыяктууларды бул тармактагылардын чөйрөсүндө “комбайнерлер” деп коет. Алар акчаны комбайн менен эгин чапкандай эле сугунушат. 

Бул байлыктарын Камил Осмоналиев декларациясында көрсөтпөгөндүгүн да белгилей кетүү керек. Бул үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынан эскертүү гана алган. Мурдагы бийлик коррупция менен мына ушинтип “күрөшкөн”.