Кечээ жакында УКМКнын мурунку төрагасы Абдиль Сегизбаевдин биринчи орун басары Дүйшөнбек Чоткараев камакка алынды. Көрсө Дүйшөнбек мырза кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып аткезчилик менен кирген 22 кг алтындын изин жаап-жашырып мамлекетке 6 миллион чыгым алып келген. Бул билинген жагы, билгизбей жасаганы канча. Мына ошол адам камалары менен президенттике талапкер Абдиль Сегизбаев “мага саясый куугунтук жасалып жатат” деп чыкты. Бир кезде Абдиль мырза ар бир саясатчынын артынын сая түшүп, сүйлөгөн сөзүнөн, төшөгүнө чейин аңдыткан, сол чөнтөккө майда-чүйдө эмес, миллиондоп салгандыгы үчүн, учурда уйкусу тынч болбой, “лучшая защита - это нападение” деп бет тырмалыкка алсам аман калам деп жаткан окшобойбу. Сегизбаевге саясый куугунтук болгудай, анын артынан ээрчий турган электораты болбосо президенттик шайлоодо атаандаштык жарата алары күмөн. Кайсы кадырына, кайсы жасаган ишине ишенип президенттике койгонун билүү кызык болууда. Ошого карабай өзүн болушунча пиарлоонун үстүндө. Абдиль мырза канчалык кыйпылыктап-чыйпылыктабысын жооп берер күн келет. Сооронбайдын учурунда соодалашып камалбай калса, жаңы келген президент анын былыктары үчүн сөзсүз жоопко тартууга тийиш. Бул элдин талабы!