“Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, УКМКнын мурдагы жетекчиси, президент болмокчумун деп төш каккан Абдил Сегизбаев шайлоодон кийинки абалын ойлоп, көзү тостоюп, жүрөгү дүкүлдөп, УКМКны бир карап, чегаранын аркы тарабын бир карап, көчүгү көтөрүлүп турган чагы. "Шектүү шекшинет" дегендей.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой Абдил Сегизбаев Атамбаевдин бийлиги тушунда далай боткону чалып жиберген. Эми ошол өзү жасаган боткого өзү какаганы калды көрүнөт. Ал төрагалык кылып турган учурда УКМКда бир дагы резонанстуу кымыштын бети ачылбай, бул кызмат жөн гана бийликтин оппоненттерин куугунтуктоо менен алек болуп калганы маалым. Ал гана эмес канчалаган карапайым эл чырылдап, талап кылганына карабай Дача-СУ сыяктуу бир катар иштер ың-жыңсыз калган. Сегизбаев ал жакта болгону үч жыл иштеп, атактуу “Белизгейт” баш болгон далай мыйзамсыз иштерди жасаган. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей эми ошол иштери акырындап минтип ачыктала баштады.
Ачыкталды дегенибиз УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары болгон, Антикоррупциялык кызматты жетектеген Дүйшөнбек Чоткараевди камакка алды. Бишкектин Биринчи май райондук соту ага контрабанда боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал президенттик жарышта талапкер Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жаткан. Ал эми Абдилчик эч камырабай бул ишти “саясий куугунтук, бийликтин кысымы” деп гана тим болду. Бирок чуулгандуу иштин учугу чубалып барып Сегизбаевди көрсөтүүдө. Саясий заказдарды аткарган, адам укугун уруп да ойнобой, болушунча тебелеп-тепселеген, убагында УКМКны коррупция, контрабанданын уюгуна айландырган ушул Сегизбаев менен аны эки орун басары Суюнбаев, Чоткараев болушкан.
22 киллограм алтын контрабандасы боюнча иш козголуп баштаганда бири качып, экинчиси минтип камалып отурат. Айта кетүүчү нерсе, 22 кг алтын контрабандасы бул бир гана кылмыш эпизоду. Жакшылап иликтесе мындай эпизоддордун көбүнө күбө болоорубуз турган иш. Атамбаевдин учурунда УКМКчылар Сегизбаев, Сүйүнбаевдер Кыргызстандагы бардык контрабандага “крышевать” этишкен. Ошонун ичинде Тажикстанга контрабандалык жол менен ташылган бензин жана башка күйүүчү майлар да кирет.
Айтор, Абдил Сегизбаев президенттик шайлоодон кийин өзү баш, орун басарлары төш болуп жасаган кылмыштарына мыйзам алдында жооп берээрине көзү жетип, кыпылдап турганы ошондон. Эми кыпылдаса да мыйзам бардыгына бирдей. Эми колу менен жасаган иштерге моюну менен жооп берсин! Өңгө сүйлөсо да ушу Сегизбаев “саясий кугунтук” тууралуу ооз ачпай эле койсо....