Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 253

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү сунушталып жаткан жаңы долбоору коомчулукта кызуу талкууланып жаткан учуру. Ошол кызуу талкуу менен талаш-тартыштын бутасына Элдик курултай институтун киргизүү тууралуу жобо да айланууда.

Элдик курултай институтун сунуштаган тараптын пикиринде, эгер Баш мыйзам – Конституция мындай берене менен толукталса, анда бийликтин үч бутагы: президенттик, парламенттик жана сот органдары мурдагыдай өз билгенин жасабай же жеке кызыкчылыгын ойлобой, чындап эл, мамлекет үчүн иштеп калмакчы. Ал эми каршы тарап болсо өлкөдө «төртүнчү» бийлик түзүлүп, «суперкурултай» бийлиги орнойт деп тынчсызданып жатышат. Мындан тышкары, бул топ ансыз деле тартыш бюджетке оорчулук жаратып, ашыкча түйшүк жаралат дешүүдө.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Анын жоболору долбоордун 7-беренесинде кеңири жазылган. Ага ылайык, курултай институту «коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди» кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат.

Конституциянын долбооруна байланышкан жыйындардагы маалыматтарга караганда, курултай боюнча жалпысынан 15 долбоор сунушталган. Алардын авторлору андай долбоорлордун алды 2001-жылдан бери колдоо таппай келатканын айтып, бул институт кирсе чыныгы элдик бийлик орнойт деп ынандырып жатышат.

Кеңешмедеги буга чейинки талкууларга караганда элдик курултайды жылына бир ирет чогултуп, президенттин отчётун угуучу коомдук институт катары калтыралы деген сунуш басымдуулук кылууда.

Элдик курултайды бийлик бутагынын бири катары киргизүүнү сунуштаган  авторлордун бири - Конституциялык кеңешменин мүчөсү жана «легендарлуу» парламенттин депутаты Мар Байжиев өзүнүн пикирин мындайча түшүндүргөн:

«Муну туура эмес түшүнүп жатышат. Элдик курултай «бийликти көзөмөл кылып текшерип турат» деп жазылып турат. Элдик бийлик болушу керек. Алар Жогорку Кеңешти, президентти, Жогорку соттун төрөгасын өзү шайлайт. Бирок ишине кийлигишпейт. Жылдын аягында гана аткарылган иштер боюнча алардан отчёт алып турат. Муну толук окубай эле каршы чыгып жатканына түшүнбөй турам».

Ал эми легендарлуу парламенттин дагы бир депутаты, белгилүү саясый жана коомдук ишмер, окумуштуу-академик Жамин Акималиев да элдик курултай институтун колдоп, “алар бийликтин үч бутагынын ишине кийлигишпейт, болгону жыл сайын отчётун угуп, кеңеш берип, аткарган ишин баалайт жана бюджеттен каржыланбайт...”,- деген ойдо.

Эми ушул эки жашы сексенди таяп калган, билими да, интеллектуалдык деңгээли да жогору, Эгемендүү Кыргызстан пайда болгондон бери депутат, коомдук ишмер катары өлкөбүздүн саясый турмушуна жигердүү аралашып келаткан  аксакалдарыбыз жеке кызыкчылыгын ойлоп жатат деп, пикирлерин ким жокко чыгарып, каршы пикир айта алат?

Курултай идеясынын демилгечилеринин бири, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиевдин айтканына караганда, курултай идеясын көтөргөндөр жакынкы күндөрү өз алдынча кеңешип, бирдиктүү долбоорду сунуш кылышмакчы.

Андан ары ал өз долбоорун мындайча бышыктаган: «Бийликтин ээси эл экени Конституциянын эң башында жазылган. Курултай коомдук институт болушу керекпи же мамлекеттикпи деген талкуу көпкө созулду. Коомдук деген акыркы убакта пайда болгон термин. Биз курултайды элдик бийлик институту катары, багыттоочу, көзөмөлдөөчү элдик бийлик органы катары киргизүүнү сунуш кылып жатабыз. Ал эми коомдук, кеңеш берүүчү болсо, анда өкмөттүк эмес уюмдун эле бир түрү болуп калат. Ага биз каршы болуп жатабыз. Мындай позициядагылар коомчулукта дээрлик көпчүлүктү түзөт».

Эгер Элдик курултай институтун Конституцияга бийликтин бир бутагы катары киргизүү демилгесин сындап, каршы туруп, “ал эски, артка кетүү, хандык башкарууга өтүп кетебиз”,- деген сөздөрдү айтып, элдин эсин эки кылып, башын айландыргандардын ким экендигине көз чаптыра турган болсок, алар жалаң батышчыл саясатчылар менен ММКлар болууда. Алардын бири, ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин айтуусунда, дүйнөдө бир да мындай бийлик органы жок экен жана бизде үч бийлик бутагына кошулуп, төртүнчүсү пайда болот экен.

Ал эми АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” радиосу болсо түнү-күнү кошуна мамлекеттер Түркмөнстан менен Казакстандын, Ооганстандын мисалын көрсөтүп, элдин жүрөгүн түшүрүүдө. Бул эки кошуна мамлекетте “Халк маслахати” жана “Казакстан элдер ассамблеясы” деген элдин өкүлүнөн турган башкы бийлик органдары бар. Ооганстанда болсо “Лоя жирга” деген элдик бийлик органы мамлекеттин турмушундагы эң орчундуу маселелерди чечет жана президент зарыл учурда бул эл өкүлдөрүн чакырып, алардын пикирин угуп, макулдугу боюнча чечим кабыл алат. Мисалы, өткөн жылдары “Талибан” кыймылынын туткундалган мүчөлөрүн боштондукка чыгарууда эл арасында түрдүү пикирлер айтылганда, “Лоя жирганы” чакырып, алардын макулдугу жана уруксаты менен гана чечим кабыл алган.

Бирок дүйнөлүк тажрыйбага кайрыла турган болсок, аталышы Элдик курултай болбосо да, маңызы ушундай же президент баш болгон бийлик башындагыларды көзөмөлдөп, отчётун алып турган органдар бир топ эле. Ошол эле 29 жыл мурда кыйраган СССРде Коммунисттик партиянын съезди беш жылда бир ирет өтүп, Башкы катчынын (генсек) отчёт-докладын, алдыдагы пландарын угуп, жактырып, сунуш, сын пикирлерди айтып, бюджетти бөлүштүрүп, тарап кетчү. Ал эми КПССтин курултай-съезддеринин делегаттары негизинен чабан, саанчы, тракторист, пахтачы сыяктуу коомдун эң төмөнкү же жөнөкөй катмарынан шайланчу. Бул бир чети элди “элита” (азыркыдай), “карапайым калк” деп бөлгөн теңсиздикке жол берчү эмес. Айтор, райкомдун же обкомдун катчыларынан КПССтин курултайынын делегаты жогору турчу. Алар керек учурда борборго чакырылып, жыйынга катышып, башка убакытта күжүрмөндүүлүк менен ишин уланта берчү.

Ал эми демократиянын бешиги жана башаты аталган Улуу Британияда премьер-министрди түбөлүк бир династиядан турган Корол сунуштап, отчётун угуп турат. Мындан тышкары премьер-министр Корол же Королевага жолукканда баш ийип, таазим кылып, колун сүйкүм кылат. Эми бул көрүнүштү эч ким эскилик, артта калгандык же бир үй-бүлөлүк династиянын үстөмдүгү деп айыптаган жок. Кайра королдук үй-бүлөнүн небере, чөбөрөсүнө чейин периштедей урмат-сыйга ээ болуп, алардын баскан-турганын ыйык жүрүш катары дүйнөгө жар салып турушат.

Бийликти динчилдер колго алган Иран Ислам Республикасында болсо, президент рухий лидер Аятоллага баш ийет. Ирандын азыркы рухий лидери Али Хаменеи (мурдагы жана алгачкысы 1979-жылы Иран Ислам Революциясын ишке ашырган имам Хомейни болчу) болуп саналат. Ал өкмөт менен президенттин күнүмдүк чарбачыл же саясый иштерине аралаша бербей, зарыл учурда гана өз пикирин билдирип турат. Мисалы, мындан бир нече жыл мурда экс-президент Махмуд Ахмединежад экинчи ирет шайланганда, анын атаандаштары шайлоо таза өтпөгөндүгүнө нааразы болушуп, митинг уюштурушканда миллиондогон жаалданган жаштарга кайрылып, аларды токтотуп калган.

Негизи Элдик курултай институту кылымдарды карыткан байыркы кыргыз элинде мурда эле болгон. Анда азыркыдай президент, парламент, өкмөт жок кезде хандар менен бий, болуштар эл чогулган курултайларда шайланып, алардын чечими “легитимдүү” болгон. Бул тууралуу “Манас” баш болгон бир нече эпостордо да баяндалган.

Бүгүнкү күндө болсо, өз алдынча түтүн булаткан 30 жылга чукул убакытта үч ирет революция жасап, эки президентти бала-чакасы менен чет өлкөгө кууп, бирөөсүн мөөнөтү жарымына жеткенде ээрден оодарып түшүрдүк. Эл өзү шайлаган президенттерге кайра эмнеге өзү каршы чыкты? Себеби алар мамлекетибизди өнүктүрөт, турмушубузду оңдойт деп шайлаган элдин ишеничин актабай, тегерегиндеги бир ууч жек-жааты менен кланга айланып, алар байлыгыбызды жыландай соруп киришти. Анткени, өздөрүн Кудайдан кийинки эле өкүмдар сезип алышты. Эгер президент баш болгон башка да бийлик башындагылар жыл сайын эл өкүлдөрүнө отчёт берип, башында Домоклдын кылычындай союл илинип турса, мындай өз элин талап-тоноп, сызга отургузган, жалаң урук-тууган, жердештерин билим деңгээлине карабай жогорку кызматка дайындаган кыянатчылыкты жасашпайт болчу.

Элдик курултай институту дал ушундай бийлик башындагыларды көзөмөлдөөчү жана алар эсирип баратканда эсине келтирип туруучу чыныгы элдик бийлик органы болууга тийиш. Менимче, азыр Кыргызстандын ар бир айыл өкмөтүнөн бирден делегат шайланып, алар жыл сайын бир ирет президент, спикер жана сот органдарынын отчётун угуп, өз баасын берип, сунуштарын айтып тура турган вариант көпчүлүктүн жактыруусуна ээ болууда.

Ошол эле учурда Элдик курултайдын делегаттарын ар бир айыл өкмөтүнүн жашоочулары кадыр-барктуу, билимдүү адамдардан  альтернативалык негизде ачык шайлап алышы керек. Алар жылына бир ирет борбордо болуучу жыйынга өз эсебинен келип-кетип, эч кандай артыкчылыктар менен жеңилдиктерге (депутаттарга окшоп) ээ болбоого тийиш. Ал тургай Бишкекке келгендеги жатакана, жеп-ичкен чыгымы да өз эсебинен болуш керек. Ошондо, чындап эле эл үчүн иштей турган талапкерлер чыгып, эл татыктуусун өзү шайлап алат.

Эми Элдик курултай институту кирсе, Түркмөнстан, Казакстанга окшоп калабыз дегендерге жооп. Биринчиден, Кыргызстан, кыргыз эли тээ байыркы замандан бери эли канында демократия, эркиндик сезими бар, зомбулук менен зулумдукка баш ийбеген эркин элбиз. Андыктан казак, түркмөн боордошторго окшоп, мамлекет башчы – президенттерге баш ийип, кошомат кылып, эмне десе ошону аткарган “хоп ляппай” эл өкүлдөрү болуп калат деген чочулоого негиз жок. Экинчиден, жогоруда айтылгандай, президент баш болуп, жогорку бийлик органдарынын жетекчилери жоопкерчиликти сезип, таза, мыйзамдын чегинде иштеп калышмак. Кайра жыл сайын өткөрүлгөн жыйын кызуу талкууга айланып, көйгөйлүү маселелер көчөдө эмес, Ак, Көк үйдө ынтымак менен чечилет.

Эң негизгиси азыркыдай эл менен бийликтин ортосундагы ажырым бүтөлүп, мындан ары Ак үйдү өрттөп, талап-тоногон революция-төңкөрүштөргө жол берилбейт деп ишенебиз. Себеби, жер-жерлердеги жогорку бийликке суроо, талабы бар эл өз делегаттары аркылуу цивилизациялуу жол менен өтүнүчүн борборго жеткирүүчү көпүрө түзүлөт.

А. Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити