Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 184

-Депутаттардын менсинүүсү... Бул абдан жабык тема. Биздин айрым депутаттардын моралдык бекемдиги башкы нерсе экендиги анык. Бирок дагы бир маселе - ар бир депутат Өкмөттүн курамындагы кайсы адамдын болбосун (күч жана укук коргоо жаатындагылардан башкасын) тагдырын чечип кое алат. Анткени, министрлер депутатка, анын маанайына, анын каалоосуна көз каранды... Бул жерде депутаттардын “жамааттык инстинкти” эсти жөн эле оодарат! Ар бир өз алдынча жана күчтүү министр депутат үчүн КОРКУНУЧ! Ошондуктан, ар кайсы фракциядагы депутаттар биригип кайсы бир министрге чогуу-чаран каршы чыга алышат! Анткени, мында  кадыресе суроо роль ойнойт: үйдө Кожоюн ким? Бул депутаттардын имиджи жана кадыр-баркына байланыштуу суроо. Бул алардын маанилүүлүгүнөн кабар берет! Парламентке министрдин өзү эмес, орун басарынын келишин депутаттар кандай оор жана кыжырдануу менен кабыл алаарын байкадыңыздар беле! Бул – “сыйлабастык” жана “сен мени ким деп ойлоп жатасың”.

Ошондуктан, Өкмөттүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө министрдин өздүгүнө өтүп кетет! А министрлер эч бир депутат менен мамилесин бузгусу келбейт! А алар болсо 120..., ар биринин министрге тапшырмасы бар, айрыкча кадрлар боюнча.

Мына ушундай, биздин партиялык парламенттик жана анын Өкмөтүнүн чыныгы жүзү! Биз Өкмөттү Жогорку Кеңеш түзгөн системадан арылмайынча, министрлерди тил кызык кылып алуу картинкасы улана берет! Өкмөт жалпы эл шайлаган Президент менен Өкмөт да бирдиктүү жана ынтымактуу командасын ээрчитип келиши керек. Ал Премьердин ордуна Өкмөттү да башкарышы керек. Ушул өңүттөгү Өкмөт гана депутаттар менен теңата сүйлөшө алат жана депутаттардын айтканын аткаруунун ордуна тармактарды өнүктүрүү тууралуу ойлоно алат. Мына ушундай гана  Өкмөт ыйгарым укугу, эл берген мандаты жана жеке жоопкерчилиги бар, пикирлештер топтолгон ынтымактуу команда боло алат!

Булак: "Майдан. kg" гезити