Кыргызстанда парламенттик башкарууга өткөн акыркы он жыл ичинде кадр маселесинин көйгөйү курчуганы белгилүү. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев кадр дайындоодогу реалдуу системанын жоктугу бул жааттын ашмалтайын чыгарууда деп эсептейт. Анын пикиринде, реалдуу системанын жоктугу парламенттик башкаруунун оош-кыйышына барып такалат.
"Бүгүнкү Конституцияда өкмөт жөнүндө атайын мыйзам бар. Анын жана башка нормативдик актылардын негизинде премьер-министр 490дой чоң кызматтарга кадрларды дайындап жана бошотот экен. Бул өкмөттүн аппаратын эске албаганда. Мисалы, акимдерди, губернаторлорду, акимдердин жана губернаторлордун орун басарларын, өкмөткө караштуу агенттиктердин жетекчилерин жана алардын орун басарларын. Мына ушундай көрүнүш 2010-жылдан, азыркы Конституция кабыл алынып, парламенттик башкарууга өткөнүбүздөн бери уланып келатат. Биз анализдеп көрүп, аппарат жетекчилеринен сурадым: "Мисалы, Чаткалдын же Ат-Башынын акиминин орун басары иштен бошоду дейли, анын ордуна башка бирөөнү кантип тандайсыңар, система барбы?"-деп. Таң калыштуусу, бул боюнча так система жок экен. Анча-мынча критерийлер бар, бирок ал жетишсиз, кадр тандоодо реалдуу система орун алышы керек да. Болгон практика: ошол облустун губернаторунан сурашат экен же ошол райондон чыккан депутат бар болсо, ага кайрылышат экен, кимди сунуштайсыз дегендей кылып. Же аппараттын балдары бирөө-жарымды түртө калышат экен. Анан ушинтип отуруп, бирөөгө токтолушуп, эки-үч адам сүйлөшүп туруп дайындап коюшат экен. Мен айттым, чакан мамлекетпиз, татынакай системаны түзүп алсак болот да деп. Түзө албай жатканыбыздын себеби, ар кайсы кызмат орундарына кадрларды дайындап жаткандарга системанын түзүлүшү пайдалуу эмес. Колунан кармап албагандан кийин алар кызматты соодалашып, акча алып жатышат деп айта албайм. Бирок тумандашып, так система көрүнбөй жатса, ким бирөөгө ушундай болушу ыңгайлуу экен деген ой жаралат. Кадрды тандай билүү керек, анан аны окутуп, өстүрүш керек, ротация кылыш керек. Мына, Түштүк Корея, Японияда кадрларды кызматтан кызматка көтөрүүдө так система бар", - деди Акматалиев.