Экс-президент деген макамы бар Роза Отунбаева дагы эле Текебаевдин жетегинен чыга албай келет. Акаев кетсин, Бакиев кетсин, Атамбаев кетсин деп кыйкырып, оппозицияда жүргөн бул “тюлпанчылар” өлкөнү кандай абалга алып келди? Убактылуу өкмөттү жетектеп, андан соң бир жарым жыл президент болуп турган учурда Отунбаевада бийлик бар эле го. Эмне үчүн ошол учурда өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо албады? 2010-жылы Ошто эл кырылып жатканда, булар “портфель” бөлүшүп отурганы жалганбы? Жада калса ошол Оштогу үйлөрдү калыбына келтирүүдө, миллиондогон акчаларды жеп, сапатсыз үйлөрдү салдырганын эч ким билбейби? Отуз жылдан бери Отунбаева баш болуп өлкөнү сазга сүйрөп келди. Булар оңолбойт. Өз кызыкчылыгы болсо өгүздөй алы бар, мамлекеттин кызыкчылыгы келгенде, маймыл болуп калышат. 2010-жылы 7-апрелде канчалаган кырчындай жигит өмүрү менен кош айтышты. Ошолордун курмандыгы акталдыбы? Тескерисинче мамлекет жарга барып такалды. Отунбаева баш болгон эл бузарларда, абийир деген нерсе жок. Мындай адамдан экс-президент макмын алып салуу керек, элдин эсебинен жашаганга акысы жок.