Фейсбук тармагында Курманбек Асанов аттуу колдонуучу президенттикке талапкер Садыр Жапаровго жана аны жаманатты кылууга аракеттенип жаткан Адахан Мадумаровго арнап ыр чыгарып, аны видео аркылуу көпчүлүккө окуп берди.
"Садыр Жапаровго каршы улам чыгып, тынчыбай, ар нерсени айтып элдин башын айландырып жаткандарга карата жаздым эле. Назар буруп коюңуздар:
Адахан Мадумаровго жазайын десем жакшы ырды арнап,
Былыктары интернетте кетти го жайнап.
Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлдү сатыптыр,
Өлкөнүн бүтүндүгүн жайлап.
Адаханыңар каякка баратат, калың элди алдап?..
Буларды факты менен айтып берди го Азимбек талдап.
Билебиз, тил жагынан мыкты, жүз кубулат го чиркин, тили сайрап,
Аны президенттикке дегендер - Мадумаровдон кантип чыгат эми майнап.
Чыккынчылыктарын көргөн сайын күчөөдө элдин кыжыры кайнап.
Ажы Турсунбай Бакир уулу жалганчылыгын далилдеди го Куран кармап.
Саткындыгын интернеттен көрсөңөр да көрмөксөнсүңөр - колдоочулары жанында жүргөн жандап.
Канкор ажолорду сый-урмат менен алып келем дегенине калың эл айтып жатат наалат.
Апрель баатырларын "жырткычтар" дегенин кантип кечирет жүздөп өлгөндөрдүн арбак.
Адахан тарапташтарынын баштарын айлантып, дубалап алганбы байлап?
Акыл-эстери жайында болсо, акыл калчашпайбы талдап?
Чындыкты танганын көрдүк го, журналист Кочкоров көрсөтүп турса да колунан кармап.
Анан кантип ишенебиз, Адаханыңар бүгүн айтканынан эртең эле кайтат...
Кокус бийликке келсе текеберлиги менен мамлекетти жанчат.
Жер эле эмес, мамлекетти сатып жок кылат го жалмап.
Ушундай жүз кубулма текеберден элге эмне жакшылык артат?
Өзүндөй уурулар менен күндө Садырды каралашып жыйын өткөрүүдө чаңдап.
Таза болушса Садык Шерге окшоп, Садырга биригүүгө бармак.
Тилинин касиетинде кеп жок, уккандарды алат арбап.
Бирок Мадумарв Садырга окшоп "башымды балтага коем", - деп духу жетип кантип айтат?
Адаханчылар, эсиңерге келгиле, жалпы эл Садырды жатат каалап,
Андыктан талашып-тартышпай, биримдикте, ынтымакта президенттикке Садыр Жапаровду алалы шайлап.
Калгандары отуз жыл жеп-ичкен уурулар го элди алдап... ", -деген сөздөрдү айтты Курманбек Асанов видеодо.