Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусу толук мыйзамдуу экенин билдирди.
"Садыр Жапаровдун шайлоого катышууга толук укугу бар. Учурда ал эч кандай мамлекеттик кызматты ээлеген жок. Айрымдар анын өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштеген, андыктан талапкер болууга акысы жок деп жүйө келтирип жатышат. Бирок мыйзамда андай нормалар жок. Эгер биз билбей калсак, так көрсөтүшсүн. Биз билгенден мурда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштеген адам шайлоого катыша албайт деген чектөө жок. Садыр Жапаров Кыргызстандын жараны, демек, шайлоого жана шайланууга укуктуу", - деди Бөрүбашев.
Эске салсак, айрым президенттикке талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына Садыр Жапаровдун талапкерлигин алып салуу талабы менен кайрылышкан. Учурда алардын талабы БШКнын жумушчу топторунун кароосунда болуп жатканын аталган мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.
Айтымында, талап койгон тарап ага аргумент катары бир катар фактыларды көрсөтүшкөн.
"Жумушчу топто каралгандан кийин жакынкы күндөрдө БШКнын жалпы жыйынына чыгарылат. Андан соң чечим кабыл алынат", - деди Бекматов.